www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына коррупция тууралуу жазып, өз пикирин коомчулукка жарыялады.

“Кайран гана коррупция, өлмөй болду байкуш. Акыркы күндөрү сары санаа болуп жатып уктабай да калдым. Ойлогонумдун баары эле коррупция. Байкуш коррупция менен ким гана күрөшкөн жок. Президент деле тынбай күрөшүп атат, Өкмөт, 120 депутат, укук коргоо органдары биригип алышып күрөшүп жатышат. Жарандык активистер, пацифистер, гендеристер, феминистер, популисттер, журналисттер деле кошулуп алып күрөшүп жатышат.

Коррупция байкушту коррупционерлер коргоп аяйбы десем, жок, алар деле тигилерге кошулуп алып коррупция менен күрөшүп жүрүшөт. Айтор коррупция жап жалгыз калды байкуш. Бирок эр экен эй! Дагы деле болсо моюн бербей баары менен жалгыз күрөшүп, кээде жеңип дагы кетип атат эй! Пай-пай-паааай! Кыйын экен негизи. Ошого эле боорум ооручу болду. Өлүп калбаса экен эми. Коррупция өлүп калса жанагынын баары ким менен күрөшөт? Бири бирин өлтүрүп коёбу дейм. Дагы коррупция бар болуп жакшы болуп атат окшойт, баары ошо менен алаксып. Эх кайран гана коррупция! Жаман бышык экен, өжөрлүгүнө караганда түбү кыргызбы деп коём кээде….”- деп Илим Карыпбеков Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости