www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-сентябрь күнү Ташкенттин Юнусабад районунда Шокир Шавкатов аттуу 25 жаштагы жигит өлтүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, анын өлүмүнө шектелип 40 жаштагы эки жаран кармалган.

Белгилүү болгондой, Шокир Шавкатов Инстаграммдагы өзүнүн баракчасына гей экендигин ачык жазган жана тааныгандар анын чынында эле “көгүлтүр” экендигин айтышкан.

Ошол күнү Шокир ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү чогулуучу түнкү клубга барып, бир нече убакыттан кийин эки эркеке менен чыгып кеткен. Эки эркек аны бир батирге алып барып сабап, эки ирет бычак сайышкан. Шокир көчөгө качып чыккан менен, анын артынан кууп жетишип мууздап салышкан.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости