www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков 6-мартта мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында өлкөдөгү ММК жетекчилерин чогултуп, тегерек столдо баарлашты.
Баарлашуу абдан жакшы өттү. Журналисттер тарабынан бир топ коррупциялык фактылар, маанилүү сунуштар, ой-пикирлер айтылды. Мына ошол президенттин эки сааттык баарлашуусу жалпы кыргыз элине толук бойдон жетсе болмок.
Анткени эл Сооронбай Жээнбековдун жасай турчу иштерин, келечектеги пландарын күтүп жатышат. Экс-президент Алмазбек Шаршеновичтин жыйналыштарын күнү-түнү кайталап берген КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков, негедир Сооронбай Жээнбековдон эфирин кызганып жаткандай.
Кыскасы тегерек столдогу баарлашуу толук элге жеткен жок. Журналисттер тарабынан айтылган ой-пикирлер жарандар үчүн абдан маанилүү. Балким, Илим мырза жаңы президентке анчейин көнө албай жаткандыр…
Булак: "Ачык саясат"