www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет айдыңдын өзгөчөлүктөрү, таасири жана акыбети боюнча саясий блогер Илимбек мырза ой бөлүштү.

- Учурда Ютубдун, Тик Токтун саясатка таасири кандай?

- Таасири чоң. Бир эле Ютуб, Тик Ток эмес, бүткүл Кыргызстандын аймагындагы соцжелелер: Фейсбук, Инстаграм жана башкалардын саясатка таасири күчөдү. Бүгүнкү күндө ошол соцжелелер аркылуу эле кыргыз саясатын оңго-солго калчап койсо болот. Учурда ошондой доор өкүм сүрүп жатат.

- Эки чоң шайлоону баштан өткөрдүк. Шайлоодо жакшы каражат тапкан ютибер, тиктокчулар болдубу?

- Жогоруда белгилегендей, саясатчылар соцжелелер менен эсептешип калган заманда, албетте, жакшы гонорар алган ютиберлер жок эмес.

- Ютубга кызыккандарга, иштейм дегендерге кандай кеңешиң бар?

- Менин кеңешим: калыстык, адилеттүүлуктү сакташ керек. Учурда жаңылык жана саясат контенттери аябай чоң аудиторияга ээ. Ютуб - бул видео-хостинг, ар бир кызыккан жаран өзүнө жаккан видеоролик тартып, ийгилик жаратса болот. Башка иштердей эле мээнеттенсең, анын ийгилигинин даамын татасың.

- Өзүңдүн чыгармачылыгың кандай башталган?

- 2013-жылы Одноклассникиден «Кумтөр» окуялары боюнча Садыр Нургожоевичтин сүйлөгөндөрүн бөлүшүп жатып, абдан көп катталуучу топтогонго жетишкем. Калыстык үчүн ачык эле айтам, Ютубдан да жакшы рейтинге ээ болдум. Муну танбайм.

Булак: Азия News гезити

Последние новости