www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чже-Хён Чхондун жетекчилиги алдында турган Вашингтон университетинин бир топ изилдөөчүлөрү менен илимпоздору ным майлыкчаларын коомчулукка колдонууга коюшту. Нымдалган майлыкчалар жүрөктүн согушун, көздүн кыймылын жана башка дене мүчөлөрүнүн иштеп жатканын көзөмөлдөөчү функциясы бар. Аталган буюм целлюлоздук волокносу бар жана  углероддук нанотрубкалар аркылуу адамдын организмин көзөмөлдөп турат, дешет илимпоздор.

Бул ачылыштын авторлору кадимки эле салфетканы коомчулуктун көзүнчө жыртып, анын канчалык деңгээлде ийилчээктигин көргөзүштү. Андан соң, нымдалган майлыкчаны нанотрубкалар менен катмар-катмар кылып ток өткөрө тургандай кылып жабып, анын эки бурчуна полимердик пастадан электрод менен туташтырышкан. Илимпоздор Advanced Materials Technologies илимий журналына ачылышы тууралуу кенен маек беришкен. Бул буюм улгайып калгандарга пайдасы жакшы тиет деген ниетте - илимпоздор.

Бул ачылыштан кийин салфеткалар гана эмес, ден соолукту карай турган - “акылдуу саат”, “билерик”, көйнөк жана жада калса ич кийимдерди чыгаруу пландаштырылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости