www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер Армения бийлиги Бакунун шарттарын кабыл алып, ээлеп алган аймактарды бошотпосо Азербайжан Тоолуу Карабакта согуштук аракеттерин улантат. Бул тууралуу Азербайжан президенти Илхам Алиев билдирди.

Алиев жекшембиде элине кайрылуу жасап жатып: “Эгер Армения менин талабыма жооп бербесе, аягына чейин күрөшөбүз. Алар басып алган аймактардын баарынан чыгып кетиши керек”, — деди.

Анын айтымында, 27-сентябрдан бери азербайжан армиясы 200дөн ашуун калктуу конуштарды, анын ичинде Физули, Жабраил, Зангилан, Губадлы, Шуша шаарларын ээледи.

"Салгылашуу уланууда, окуппация алдында дагы калктуу конуштар бар. Азербайжан армиясы жеңиш жолунда. Биз армян армиясын, алардын аскердик техникаларын талкаладык. Армения дээрлик утулганын мойнуна алды, аскердик жардам сурап жатат", - деп белгиледи ал.

Азырынча бул билдирүү боюнча армян тарап жооп кайтара элек.

Белгилей кетсек, өзүн республика катары жарыялаган Тоолуу Карабактын Коргоо министрлиги Шуши шаарынын четиндеги түнкү салгылашууда Азербайжандын куралдуу күчтөрү ири жоготууга учураганын билдирген. Расмий билдирүүдө каршылаш тарапта курмандыктар көп экени, мындан тышкары азери тараптан төрт танк, 20 брондолгон техника, 11 автотехника жана эки учкучсуз учак жок кылынганы айтылган.

Эске сала кетсек, 1980-жылдардын аягынан бери Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабактагы абал быйыл 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу кагылышуу уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости