www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашынган трайбалист Бабановду абиси Атамбаев коколоп Кыргызстандан кууп чыккан. Жээнбеков президент болгондо мойнунда 13 кылмыштуулугу бар Өмүке Кыргызстанга келет. Мамлекет башчысына жармашып, берчүсүн берип эптеп оокат кылып келаткан, аңгыча башаламандык болуп кетип, Алмазбек Шаршенович камактан бошотулуп, кандосу Жээнбековго шиш сая турган болуп калат. Магниттик бороон уруп кетип, чала жин тийген Бабановдун 2020-жылдын 9-октябрында трайбалисттик сезимдери ойгонуп кетип өзүн каматам деп кекенип жүргөн Атамбаевди сүрөп бийликке каршы чыгат. Садыр Жапаровдун балдары таш жаадырып жатып аман-эсен Жапаровду сактап калат. Бабановду Жапаровдун жулунган жигиттери жайлап койо ташташат.

Жапаров бийликке келер менен Бабанов хамалеончо бир ай ичинде үчүнчү жолу терисин алмаштырат. Кандосу Казакпаевди Тышкы иштер министри кылат. Ал Орусияга барып акактап кыргызча сүйлөп,Путиндин каарына калып, Жапаровду уят кылды. Эми ал жалаң Пакистан, Араб мамлекеттери менен гана сүйлөшүп калды. Путин президенттик шайлоо бүткүчө ооз ачпайт, аны ал унчукпаса анын карамагындагы башка мамлекеттер унчугабы?

Бабанов Жапаровду колдоп президентке талапкердиктен баш тартты. Эгер талапкердигин койгондо деле өтмөк эмес, кийинки президент куйругун толгоп, кылмыштуулугун эске алып, камап коймок. Эмнеге сарбагыш Садыр Жапаровду колдоду? Ал шайтан болсо да аркалыктарды колдойт, анткени, Бабанов трайбалист. «великий» трайбалист...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости