www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания жолдошу менен ажырашуу үчүн анын ыйгарым укуктарынын аякташын күтүп жатат. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

"Мелания күйөөсү Трамп президенттиктен кете турган күндүн ар бир мүнөтүн санап отурат. Ыйгарым укуктары аяктаса эле ажырашат", - деп президенттин мурдагы жардамчысы Омароса Маниголт-Ньюман басылмага билдирген.

Анын айтымына боюнча, биринчи айым Трамптан корккондуктан ажырашууга арыз жазбай жүргөн.

"Эгер Мелания буга чейин кетип калганда, Дональд Трамп аны жазалоонун жолун тапмак", - деп айткан басылмага берген маегинде.

Биринчи айымдын мурдагы жардамчысы Стефани Волкоффтун айтымында, Мелания менен Трамптын никеси келишимдин негизинде түзүлгөн. Жубайлардын керек болсо бөлмөлөрү өзүнчө болгону айтылган.

Белгилей кетсек, Мелания Трамп журналисттерге берген маегинде жолдошу менен мамилеси эң сонун экенин айтып келген. Бирок адвокат Кристина Превайттын божомолунда, жубайлардын ортосундагы келишимге ылайык, Мелания жолдошун жамандоого акысы жок болушу мүмкүн.

Өз кезегинде ушундай эле келишимди Трамп биринчи жубайы Марла Мейплз менен түзүп, ага жолдошун жамандап же китеп жазууга тыюу салынган.

Эске салсак, буга чейин журналисттер жубайлардын мамилеси сууп калганын көп жолу жазышкан. Басылмалардын башкы бетине АКШнын биринчи айымы эл алдында жолдошунун шагын сындырып, колун карматпай койгондугу тууралуу жаңылыктар байма-бай чыгып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости