www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун жатак абакка которулгандыгы тууралуу адвокатынын кабары жок. Бул тууралуу адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдирди:
“Менде мындай маалымат жок. Икрамжан Илмияновго карата шаардык соттун чечими чыккан соң, ал жаза мөөнөтүн өтөө үчүн Бишкектеги №47-абакка которулган”.
Буга чейин Президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов жатак абакка которулганы тууралуу маалыматты vb.kg сайты өз булактарына таянып жазып чыккан.
Маалыматка караганда, Кылмыш кодексинин "өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык" беренеси боюнча кесилген Илмиянов жазасын өтөп жаткан №47 түрмөдөн жатак абакка 21-июлда которулган.
Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчылыгы бул маалыматты кийинчерээк тактап берерин билдирди.
2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып салуу, үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылган. Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айткан.
Быйыл 19-июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, анын жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 айга кыскарткан болчу. Мунун жыйынтыгында Икрамжан Илмияновдун жазасы 5 жыл 6 айды түзүп калган.
2018-жылдан бери убактылуу кармоочу жайда олтурган ар бир күнү эки күндөн эсептелет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет (УКМК) кабарлаган.
Башкы прокуратура ага карата «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон.
Булак: NazarNews.kg