www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илон Маск «Forbes» тарыхында эң бай адам болуп таанылды

АКШлык ишкер, SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын байлыгы 25-октябрь күнү 270 миллиард долларга жетип, бул - «Forbes» рейтингинин тарыхында эң жогорку сумма болду. Маалыматты РИА Новости чыгарды.

Буга аптанын башында Tesla компаниясынын акцияларынын кымбаттаганы шарт түзгөн. Ал эми акциялардын баасынын көтөрүлүшүнө Hertz компаниясынын Tesla ишканасынан 100 миң электромобиль сатып алышы себеп болгон. Hertz Чикагодо негизделип, 100 жылдан бери иштеп келе жаткан компания. Ал, негизинен, автоунааларды ижарага берет.

Forbes журналынын эсеби боюнча, Маск автоунааларды саткандан кийин 41,7 миллиард долларга байыды. Forbes Real-Time системасы ушул тапта анын байлыгы жалпысынан 257,6 миллиардга жеткенин билдирет. Маалыматка караганда, бул 1982-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин дүйнөдөгү эң бай адам деп Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос эсептелчү. Анын «капчыгында» 212 миллиард доллар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости