www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар Салык кодексинин концепциясын жактырды

Эл өкүлдөрү жаңы Салык кодексинин концепциясын жактырышты. Мындай чечим Экономикалык жана фискалдык саясат жана Бюджет жана финансы боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында кабыл алынды. Отурумда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мыйзам долбоору Кыргызстандын салык мыйзамдарын заманбап талаптарга ылайыкташтырууга багытталганын билдирди.

Экономикалык шарттар, салык процедураларын андан ары санариптештирүү, бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу. «Мыйзамсыз аракеттерди жоюу боюнча министрлер кабинетинин иш-чараларына салыктык жөнгө салууну санариптештирүү, электрондук патенттерди, мобилдик капчыктарды, санариптик карталарды киргизүү, импорттолуучу товарларды маркалоо, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жана фискалдык саясатты санариптештирүү кирет», - деди эл өкүлү.

Талкууда депутат Дастан Бекешев салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана салык процедураларын тейлөө тартибине, билим берүү тармагындагы салык салуунун өзгөчөлүктөрүнө кызыкты. Министр бизнестин укуктарын коргоого Баш прокуратура жооп берет деп жооп берди. Ал, ошондой эле, жаңы Салык кодексинде жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн жеңилдиктер сакталып калганын белгиледи.

Талкуудан кийин Салык кодексинин долбоору биринчи окууда жактырылды.

Бизнес чөйрөсү буга каршы. Документ салык жүгүн жеңилдетүүнүн ордуна, аны көтөрөөрүн ишкерлер байма-бай айтып келет. Алар жаңы Салык кодексинин долбоорун иштеп чыгууну макулдашылган вариант иштелип чыкканга чейин кийинкиге калтырууга чакырышты. Бирок Экономика жана каржы министрлиги аны Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости