www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ангела Меркелге Германиянын канцлери кызматындагы мөөнөтү аяктаганы тууралуу расмий билдирүү берилди. Бул тууралуу РИА Новости расмий аземдин видеосун жарыялап жазып чыкты.
Документти Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер тапшырды. Эми Меркель расмий түрдө убактылуу канцлер болуп, анын мураскери шайланганга чейин канцлердин милдетин гана аткарат.
Жаңы канцлер Германиянын Социал-демократиялык партиясынын лидери Олаф Шольц болот деп болжолдонууда. Анын партиясы 26-сентябрдагы шайлоодо 25,7 пайыз добуш менен жеңишке жетти. Консервативдик ХДС/ХСС блогу 24,1 процентке гана ээ болду.
СДПГ лидери Олаф Шольц Рождествого чейин коалиция түзүү боюнча макулдашуу жетишилет пландаштырууда. Учурда жаңы башкаруучу коалиция бийликке келгенге чейин канцлердин ыйгарым укуктары Меркелде калат.
Булак: NazarNews.kg