www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Париж прокуратурасынын киберкылмыштарга каршы бөлүмү 3-февралда X (мурдагы Twitter) соцтармагынын Франциядагы кеңселеринде тинтүү жүргүздү. Платформанын ээси Илон Маск жана мурдагы башкы директор Линда Яккарино Париж прокуратурасына көрсөтмө берүү үчүн чакырылды.
Тинтүү улуттук жандармериянын кибербөлүмү жана Европол менен биргеликте өткөрүлгөн. Маск менен Яккарино 20-апрелде «ыктыярдуу суракка» чакырылып, платформа жетекчилери катары өз позициясын эркин форматта түшүндүрүп бериши керек. Ошондой эле X компаниясынын бир нече кызматкери күбө катары суракка алынат.

Иш 2025-жылдын башында башталган. Франциялык депутаттар Xтин алгоритмдери бир тараптуу иштеп, коомдук жана саясий талкууларды бурмалап жатат деп нааразы болушкан. Кийинчерээк иликтөө кеңейип, платформа балдардын порнографиясын сактоо жана таратуу, сексуалдык дипфейктерди жайылтуу жана Холокостту тануу фактылары боюнча да текшериле баштады.

Прокуратуранын билдиришинче, иликтөөнүн максаты – X платформасынын Франция мыйзамдарына шайкеш иштешин камсыз кылуу.

Последние новости