www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүндө 812 миң даана Ысык-Көл форелинин уруктары жасалма жол менен алынып, инкубациялык аппараттарга салынып өстүрүлдү. Бүгүнкү күндө уруктар толук чыгып бүттү.

Өстүрүү процессинде 8 пайыз чыгаша болуп, анын жыйынтыгында 747 миң даана личинка алынды. Чыгуу көрсөткүчү 92 пайызды түзүп, бул жакшы жетишкендик болуп эсептелинет. Азыркы учурда алынган личинкалар атайын даярдалган алгачкы жемдер менен азыктандырыла баштады.

Мындан тышкары, 2 миллион 500 миң даана сига-лудога балыгынын уруктары жасалма жол менен алынып, учурда инкубациялык аппараттарда өстүрүлүп жатат. Личинкалар 82 күн аралыгында, тактап айтканда март айларында чыга баштайт.

Последние новости