www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык ишкер Илон Маск Twitter социалдык тармагын сатып алуу боюнча келишимди каржылоо үчүн өзү негиздеген SpaceX компаниясынын акцияларын сатууну пландап жатат. Бул тууралуу че элдик басылмалар жазды.

Апрель айынын аягында Маск Twitter тармагын 44 миллиард долларга сатып алуу боюнча келишимге жетишкен. Сатып алуу боюнча билдирүү жасап жатып, ал Twitterдин дүйнө жүзү боюнча сөз эркиндиги үчүн аянтча болуу мүмкүнчүлүгүнө ишенерин айткан.

"Маск 44 миллиард долларды абдан чоң сумма деп эсептейт, бул келишимди каржылоо үчүн ал SpaceX акцияларын сата алат", -  деп айтылат маалыматта.

Компания шейшемби күнү сатууну бир акция үчүн 70 доллардан баштоого ниеттенүүдө, бул декабрь айындагы акыркы акциясынан 25% жогору.

Федералдык документтерге ылайык, 2021-жылдын августуна карата миллиардер SpaceXтин 44% акциясына ээ болгон.

Буга чейин New York Times гезити Масктын инвесторлорго сунушуна таянып, миллиардер 2028-жылга чейин Twitterдин жылдык кирешесин 26,4 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатканын билдирген.

Кошумчалай кетсек, бизнесмен 2028-жылга чейин Twitter колдонуучуларынын саны 931 миллионго жетет деп күтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости