www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш бир полярдуу дүйнө системасы артта калып бара жатканына албууттанып, аны кармап калуу үчүн айыгышкан күрөш жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Москвадагы ЖККУ саммити учурунда Беларусь президенти Александр Лукашенко айтты.
"Биздин жолугушуубуз оор мезгилде, дүйнө кайра түзүлчү учурда өткөрүлүп жатат. Батыш бир полярдуу дүйнө системасы артта калып бара жатканын кабыл алгысы келген жок. Андыктан альянс өзүнүн курамына мурда бейтарап болгон мамлекеттерди тартып жатат. Кыскасы, учурда альянс "ким биз менен болбосо, ал — бизге душман" принцибин карманууда", — деди Лукашенко.
Ошондой эле, ал акыркы эки жылдан бери Украина тараптан душмандык аракеттерди сезе баштаганын айтты.
Сөзүнүн соңунда ал ЖККУну чыңдоо үчүн саясий кызматташууну күчөтүү, бирдей позицияны кармануу керектигин айтты.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg