www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Овалдык кабинеттеги белгилүү Resolute столун реконструкцияга жиберүүнү буйруду. Бул чечим америкалык ишкер Илон Масктын уулу ага мурдун чукуп, колун сүрткөндөн кийин кабыл алынганын The New York Post жазды.
“Трамп Resolute столун Овалдык кабинеттен алып чыгып, оңдоого жиберүүнү тапшырды. Буга өткөн жумада түз эфир учурунда Илон Масктын төрт жаштагы уулу Икс мурдун чукуп, андан соң колун столго сүрткөнү себеп болду”, — деп айтылат макалада.
Басылма Дональд Трамп микробдордон катуу корккон адам экенин белгилеп өттү.
Ак үй бул өзгөртүү туруктуу эмес экенин, стол жакында кайра өз ордуна коюларын билдирди.
Resolute столун биринчи болуп 1961-жылы президент Жон Кеннеди колдонгон. Ошондон бери ал Жимми Картер, Билл Клинтон, Барак Обама жана Жо Байдендин тушунда да Овалдык кабинетте турган.