www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө Палестинанын боштондугу үчүн жарыяланган Аль-Кудс күнү белгиленүүдө
Жыл сайын бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын Ыйык Рамазан айынын акыркы жума күнүндө Аль-Кудс иш чарасы белгиленет (Аль-Кудс – мусулмандардын ыйык жайы болгон Иерусалимдин арабча аталышы). Бул бир нече жылдардан бери Израилдин сионисттик режими тарабынан улам жери тартылып алынып, эли кордук көрүп, өлтүрүлүп келаткандыгына карабай өз эркиндиги үчүн талыкпай күрөшкөн Палестина элине Эл аралык тилектештик сезимин билдирүү болуп саналат.
Ирандын рухий лидери Палестинанын кайгысына кайдыгер эмес
Бул күнү жер жүзүндөгү бир миллиарддан ашык мусулмандар боордош жана диндеш палестиналыктарга моралдык колдоо көрсөтүп келишет. Мындай демилге 1979-жылы Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү жана өз өлкөсүндө Ислам революциясын ишке ашырган имам Хомейнинин (Рухулла аль-Мусави аль-Хомейни) тарабынан көтөрүлгөн. Белгилей кетүүчү жагдай, ушул жумада бүткүл ирандыктар имам Хомейнинин көзү өткөндүгүнө 29 жыл толгондугун белгилешүүдө. Бул датанын Аль-Кудс күнүнө туш келип калышы да символикалуу болууда.
Тилекке каршы андан бери же Палестинанын жери сионисттер тарабынан мыйзамсыз түрдө басылып алынгандыгына жарым кылымдан ашып калса да алардын көйгөйү чечилбей эле, кайра күч алууда. Башкача айтканда Газа тилкеси өзүнчө анклавга айланып, эки миллионго жакын жарандары Палестина мамлекетинен ажырап калган. Бүгүнкү күндө миңдеген өз укугу үчүн күрөшкөн палестиналык балдар, аялдар, эркектер сионисттердин түрмөлөрүндө кармалууда.
Бул күнү дүйнөнүн ар кайсы Палестинанын кайгысына кайдыгер карабаган элдер (бир эле мусулман дининдегилер эмес, башка да диндердин өкүлдөрү) Аль-Кудсту белгилешип, ар кандай иш чараларды өткөрүшөт. Албетте, алар сионисттерге окшоп, өз укугу үчүн, киндик каны тамган жерин коргоп калууну көздөгөн палестиналыктарды уруп, сабап, атып өлтүргөндөй зордук-зомбулук көрсөтпөстөн, тынч маанайда демонстрацияларды, тегерек столдорду, маалымат жыйындарын жана башка БУУ баш болгон эл аралык уюмдардын көңүлүн Палестина көйгөйүн чечүүгө буруу аракетин көздөгөн иш чараларды өткөрүшөт. Алардын максаты – Иерусалимдин – үч дүйнөлүк диндин борборуна коомчулуктун көңүлүн буруп, БУУнун резолцияларынын алкагында эл аралык дипломатиянын тынчтык миссияларын түзүп, Палестина көйгөйүн тынч жол менен чечүүнүн жолдорун табуу болуп саналат.
Зордук-зомбулукка каршы гумандуу жооп
Ирандын Улуу рухий лидери имам Хомейнинин бул сунушу бир гана Палестина элинин азаттыгын көздөбөстөн, дүйнө жүзүндөгү баардык мусулмандарды бириктирип, зордук-зомбулук, курал-жарактын күчү менен башка элдин, мамлекеттин жерин басып алууга кайдыгер болбоого үндөйт. Ошондой эле имам Хомейни акыйкаттык үчүн күрөшүүдө тероордук жана партизандык жол менен күрөшүү ыкмасы туура эмес деп эсептейт. Андыктан Аль-Кудс күнүнүн мааниси – эң оболу сионизм, мыйзамсыз зордукчулук идеологиясын айыптап, аларга каршы эл аралык коомдук пикирди калыптандыруу болуп саналат.
Аль-Кудс маселеси – бул бир аймактын гана эмес, бүтүндөй эл аралык масштабдагы зомбулуктун символу болуп саналат. Эгер мындан алтымыш жыл мурда БУУ же башка эл аралык уюмдар бул зомбулукка жол беришпесе, бүгүнкү күндө Ирак, Афганистан, Ливия, Сирия жана башка Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө согуш оту тутанбай, миңдеген адамдардын өмүрү бейкүнөө кыйылбайт эле. Андыктан Ирандын көз карашы – бул Палестина менен кошо бүткүл дүйнө жүзүн адилетсиздик жана зомбулуктан куткарууну көздөйт.
Ислам дүйнөсүндөгү кайдыгерлик
Демек, Палестина жана Иерусалимге жасалган мамиле ар бир саясатчы же саясый уюм үчүн чоң сыноо катары кабыл алынууга тийиш. Анткени өздөрүн исламдык багыттагы саясатчы же саясый уюм катары көрсөткөн көпчүлүк тараптар мажирөөлүгүн, мококтугу менен коркоктугун көрсөтүшүп, иш жүзүндө эл аралык бюрократияга кызмат кылып калышууда. Ал тургай ошол эле Палестинаны курчап турган отуздан ашык өлкөлөр бир диндеш, улутташ экендигине карабастан, араб-палестиналыктарга жок дегенде моралдык колдоо көрсөтпөстөн, кайдыгер мамиле жасап келатышат же палестиналыктарды эзген, жерин тартып алган тарап менен союздаш болуп алышкан. Андыктан Аль-Кудс маселеси бир эле учурда адамдардын абийири менен мекенчилдигин, намысын да козгогон сезим катары кабыл алынууга тийиш. Ошондуктан акыркы жылдары бул иш чарага мусулман эмес, башка диндердин өкүлдөрү да кошулушуп, сионисттик режимдин басып алуу, өлтүрүү аракеттерин айыпташууда.
Имам Хомейнинин Аль-Кудс күнүн белгилөө демилгесинде ошондой эле терең гуманизм менен акылмандык камтылган: дүйнөдөгү бир да курал Палестина эли менен тилектештиктин күчүндөй бекем жана кубаттуу боло албайт. Тилекке каршы бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн жарымына жакын калкын жана көпчүлүк аймагын түзгөн мусулман элдери менен мамлекеттери ар кандай агымдарга, багыттарга бөлүнүп кеткендей эле Палестина маселесинде да биримдиги жок же иш жүзүндө душмандарга кызмат кылышууда. Анткен менен ислам дүйнөсүнүн эл аралык саясатта өз ордун тапкан ойгонуу идеясы жөнөкөй адамдардын аң-сезиминде болгон менен мамлекет жетекчилеринин ишинин кайдыгерлигин далилдөөдө.
ИКУнун Стамбулдагы жыйынында Палестина көйгөйү талкууланды
Үстүбүздөгү жылдын май айында Түркиянын Стамбул шаарында Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезектеги жыйыны болуп, анда бир гана маселе – Израиль бийлигинин Палестинага көрсөтүп келаткан зордук-зомбулугунун улам күч алып баратышына каршы бул уюмга мүчө болуп саналган отуздан ашык мамлекеттердин башчылары нааразычылык пикирлерин билдиришти. Ал тургай Түркия көп өтпөй Израилдин элчисин өз аймагынан кууп чыкты. Ошондой эле азыр Палестинанын басылып алынган жерлерине жаңы 2070 үй куруу чечими айыпталды.
ИКУнун башкы катчысы Юсуф бин Ахмед Эл Усейминдин айтымында, Израилдин бул аракети эл аралык мыйзамдарды ачык бузуу болуп саналат. Башкы катчы дүйнөлүк коомчулукту өз милдеттенмелерин аткарууга жана жаңы жөөт конуштарынын курулушун алдын алууга чакырды. 2018-жылы май айында эле Израил өкмөтү Иордан дарыясынын батыш жээгине жаңы 3900 үй куруу планын бекитерин билдирген.
Бирок БУУнун Коопсуздук Кеңеши 2016-жылдын 23-декабрында 2334 номердүү токтомун кабыл алуу менен Израилден тез арада курулуштардын токтулушун талап кылган чечимин да тоотпой келүүдө. Басылып алынган Палестина жерлериндеги жөөттөрдүн конуштары эл аралык мыйзамдарга ылайык мыйзамсыз болуп саналат. Бирок Тель-Авив басылып алынган Палестина жерлеринде жөөт конуштарын курууну улантууда.
АКШнын сунушуна вето коюлду
Америка Кувейттин палестиналыктарды коргоо боюнча Коопсуздук кеңешке сунуштаган токтомуна вето койгон соң, бул кеңеш Американын сунуштаган токтомуна да каршы добуш беришти.
Коопсуздук кеңештин мүчөлөрү бир макул (Америка), 3 каршы (Орусия, Боливия, Кувейт) жана 11 калыс добуш менен Американын сунуштаган токтомун четке какты.
Американын БУУдагы өкүлү Ники Хейли бул токтомдун ордуна башка долбоорду сунуштаган.
Ал Газанын учурдагы абалына Хамасты күнөөлөп, Коопсуздук кеңешти Кувейттин сунушун кабыл албоосун талап кылган.
Кувейттин 2 апта мурда сунуштаган долбоорунун негизинде палестиналыктарды сионистиик режимдин жынаяттарынан коргоочу бир эл аралык штаб түзүлмөк.
Ники Хейли Коопсуздук Кеңештин каршы пикиринен соң мындай деп билдирген: Коопсуздук кеңештин бүгүнкү добушу тилекке каршы Газада болуп жаткан окуяга Хмасты күнөөлөнүн ордуна Израилди жемелөөсү менен жыйынтыкталды.”
“Жерди кайтаруу” акциясы
Палестина эли 1976-жылдан бери 30-мартты “Палестинанын жер күнү” деп белгилеп келет. Себеби Израиль ошол учурда Палестинанын миңдеген гектар аймагын басып алган.Газадагы “Кайтаруу маршы“ акциясынын онунчу жумасында израилдик күчтөрдүн колунан палестиналык 1 жаран каза таап, 100дөн ашууну жаракат алды.
Мындан тышкары, Хайфада дагы Газа секторунун жашоочуларын колдогон жаңы акция өткөрүлдү. Акциянын катышуучулары саудиялыктарга каршы ураандарды да чакырып турушту.“Кайтаруу маршы“ акциясы башталгандан азыркы учурга чейин 123 адам каза болуп, 13 миң 672 киши жаракат алышкан.
Бирок Сионист режими Палестинада акыркы убакта болуп жаткан башаламандыктардын уланышы менен Газа тилкесин дагы бомбалады.
Күбөлөрдүн айтымына караганда, бир нече F-16 согуштук учактары жана чалгындоо учактары Рафах шаарынын батыш тарабында жайгашкан “Аль-Хашашин” базасын бутага алышкан жана ошол эле учурда базага эки ракета атылган. Ошондой эле сионист режиминин согуштук учактары “аль-Ярмук” жана “Айн Жалут” базаларын дагы бутага алышкан.
Стамбулдагы ИКУ жетинчи кезексиз саммитинин жыйынтыгы боюнча жыйынтык декларация кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы 18-майда, Стамбул шаарында (Түркия Республикасы) Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышты.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча ИКУ мүчө-өлкөлөрүнүн делегация башчылары тарабынан Палестинанын аймагындагы чыңалуунун өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануу билдирилген жыйынтык декларациясы кабыл алынды.
Декларацияда эл аралык коомчулукка, негизинен, БУУ Коопсуздук кеңешинин мүчө-өлкөлөрүнө Палестина маселеси боюнча эл аралык укук жана тартип ченемдерин коргоо милдеттенмелерин аткаруусу боюнча чакыруу билдирилди.
ИКУ кезексиз саммитинин катышуучу өлкөлөрү дүйнөлүк коомчулукту Палестинадагы абалды БУУ Башкы Ассамблеясынын, Коопсуздук кеңешинин жана БУУ Адам укуктары боюнча кеңешинин кароосуна токтоосуз түрдө коюуга күч-аракет жумшоого чакырды.
Кезексиз саммит ИКУнун учурдагы төрагасы – Түркиянын демилгеси боюнча чакырылды. Анын ишине 9 мамлекет – Афганистан, Гвинея, Иран, Катар, Кувейт, Мавритания, Судан, Иордания жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы катышты. Индонезия жана Гамбияны вице-президенттер көрсөтүштү.
Палестина, Кыргызстан жана Пакистан – Өкмөт башчылар деңгээлинде, ал эми Өзбекстан, Алжир жана Судан парламент спикерлер деңгээлинде көрсөтүлдү.
ИКУ Баш катчысы Юсуф бин Ахмад аль-Усаймин жыйынтык маалымат жыйынында белгилегендей, ИКУ саммити израиль аскерлеринин палестиналык тынч жарандарга карата аракеттерин эл аралык тергөөгө алууга чакырды.
Анын айтымында, палестиналыктарга карата аракеттерди иликтөө боюнча эл аралык эксперттерден турган көзкарандысыз комиссияны түзүү саммиттин кыйла маанилүү жыйынтыктарынын бири болуп саналат.
Кыргызстан Газада адамдардын өлтүрүлүшүнө тынчсызданууда
«Кыргыз Республикасы абалдын кескин курчуп жана Газа секторундагы протесттердин натыйжасында көп сандаган жөнөкөй жарандардын өлтүрүлгөнүнө жана жарадар болушканына байланыштуу өтө тынчсызданып жаткандыгын билдирет», – деп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 18-майда, Стамбул шаарында (Түркия Республикасы) Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз Саммитинде сөз сүйлөп жатып билдирди.
Уюмдун делегацияларынын башчыларын жана жыйындын катышуучуларын Премьер-министр Рамазан айынын башталышы менен куттуктады.
Өкмөт башчы ошондой эле 2018-жылдын 14-майындагы кагылышуулардын натыйжасында болгон көп сандаган курмандыктарга байланыштуу Палестина элине терең көңүл айтты.
«Бүгүнкү биздин жолугушуубуз баардык эл аралык жамаат, анын ичинде мусулман дүйнөсү үчүн жөнөкөй эмес мезгилде өтүп жатат. Ушул шарттарда биздин уюмубуздун Саммитинин шашылыш жыйынын өткөрүү логикалуу жана өз учурунда болуп жатат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Анын айтымында, БУУнун Башкы ассамблеясынын 2017-жылдын 21-декабрындагы резолюциясын БУУнун мүчө өлкөлөрү көпчүлүк добуш менен кабыл алганына карабастан АКШнын Элчилигинин Аль-Кудс (Иерусалим) шаарына которулушу Палестина-израиль жаңжалын тынчтык менен жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулуктун күч-аракетин жокко салды жана кырдаалды татаалдаштырды.
«Биз бул окуяларга катышы бар баардык тараптарды жарандардын, өзгөчө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн адам курмандыктарын болтурбоо максатында өтө сабырдуу болууга чакырабыз», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр палестина-израиль жаңжалы эл аралык мыйзамдардын чегинде чечилээрине терең ишеним билдирди, мында БУУ өзүнүн таасирдүү жана чечүүчү ролун ойноого тийиш.
Өкмөт башчы Кыргызстан Ислам шериктештик уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын тынчтыкты жана эл аралык коопсуздукту биргелешип чыңдоого үндөгөн чакырыктарын толугу менен колдой турганын белгиледи.
«Кыргыз Республикасы Палестинанын эли өзүнүн зомбулуктан жана согуштан алыс татыктуу жашоого болгон укугун жакын арада ишке ашырат жана БУУнун толук укуктуу мүчөсү болуучу эгемендүү мамлекетин курат деп бекем ишенебиз», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр ушул жолугушуу Аль-Кудс шаарынын айланасындагы кырдаалды жөнгө салууда, ошондой эле Ислам кызматташтык уюмунун алкагында биздин кызматташтыкты чыңдоодо алдыга карай дагы бир кадам болуп калат деп ишеним билдирди.
Эмилбек МОМУНОВ.
http://www.ca-irnews.com/kg/