www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаттап алган курандын аяттарынан башканы билбеген, адам укугунан кабары жок, караңгы имам Садыбакас Доодардын эти арзан, ошон үчүн базарда эт кымбат деп «балп» этип салды эле, коомчулук ызы-чуу түштү да калды.
Кыргызстандын диндарлары ушунчалык караңгы, чектелүү экендигин көрсөтүшүүдө. Өзүбек ажы болсо өлкөнүн намысын коргоп жүргөн балбан кыздарды «Окорочка» деп шылдыңдаган. Эми молдолордун билимдүү деген авторитет имамы кыздардын этине асылып аңкылдады.
Алардын ою боюнча аялзаты ачык жүрбөй, чүмкөнүп, паранжы жамынып басыш керек. Ошондо маселенин баары чечилет окшойт.
Тескерисинче, ошол жоолук салынган азыр модага айланып, жоолук салынып алып, кылбаганды кылган кыздар көбөйдү деп айтышууда. Сакалчандардын арасынан ууру-кески, кылмыш кылгандар чыгып жатканына күбө болуудабыз.
Молдокелер кыздардын ар-намысына дайыны жок тийишкенди коюп, катынга окшоп узун этек көйнөк кийип, селде кармап, сакал коюп, динди жамынган Телибай тентектерин тыйып алышса жакшы болмок. Имам Садыбакас менен Өзүбек ажынын кыздардын жамбашына асылганында мандем бар окшойт. Булардын психикалык саламаттыгын текшертүү керекпи?
Булак: Азия News гезити