www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Имамидин Ташов үй камагына чыкты

Соңку президенттик шайлоого катышкан жана анда шайлоочулардын добуштарынын 1,19% алган,“KG Групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов үй камагына чыкты. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөрткөнүн билдирди.

Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалганын, ал Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканын УКМК билдирген. Ташов өзүнө коюлган айып жана кармалышы тууралуу комментарий берген эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости