www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызмат адамдары судьялардын чет өлкөлүк иш сапарлары үчүн берилген чакыруу каттарын жашырып, аны менен өздөрү жана жакындары чет өлкөгө чыгышкан. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  конституциялык сотто мандем менен чет өлкөгө чыгышып, шапар тебишкен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызмат адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатканын билдирди. Атайын кызмат бул фактылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш ишин козгоду.

2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык палата жоюлуп, Конституциялык сот түзүлгөн. Бул мекеме Конституцияны расмий чечмелеп берет, мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын Конституцияга ылайык келиши тууралуу иштерди, бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды карайт, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбооруна корутунду берет.

Тогуз судьядан турган Конституциялык сотко Эмил Өскөнбаев 2022-жылы февралда төрага болуп шайланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости