www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын лидери Владимир Путин 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын жарыялады. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, ал бул тууралуу Кремлде мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинин соңунда өздөрүн ДНРдин парламент төрагасы, Артем Жоганын суранычына жооп берип жатып билдирди: “Жашырганда эмне, ар кайсы учурда менде ар кандай ойлор болду. Бирок азыр сиздики туура. Азыр чечими кабыл ала турган убакыт. Мен Орусия Федерациясынын президенттигине талапкерлигимди коем”,-деди Путин.

Орусияда президенттик шайлоо эмдиги жылдын 17-мартында өтөрү 7-декабрда маалым болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, бул ирет добуш берүү үч күн -15-17-март аралыгында өтөт. Биринчи жолу президенттик шайлоо үч күнгө созулат. Путин буга чейин кийинки мөөнөткө барар-барбасы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартып келген. 7-декабрда Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин качан туура көргөндө гана бул тууралуу жарыяларын айткан. 2020-жылдын жайында Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ага дагы эки жолу президенттикке аттанууга шарт түзүп, 2036-жылга чейин башкарууга жол ачкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости