www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер Имамидин Ташов бүгүн, 24-ноябрада журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Жыйында, Кыргызстандагы саясый кырдаал, Кыргызстанда ар бир элдин көйгөйүн чечем деген эргулдар тууралуу талкуу болду.

Имамидин Ташов эгер алдыдагы президенттик шайлоодон өтүп калса, алдыда аткара турган иштери тууралуу кеп кылды.

«Мен жаңы ыкманы сунуштайм. Үч жылдын ичинде ар ким өзүнүн деңгээлинде долбоор жазганы менен программасы ишке ашкан жок. Эл алданып жүрүп тажады. Өкүнүчтүүсү өмүр өтүп жатат. 30 жылдан бери чечилбей келген чоң маселе бар.

Мен үч жылдык гана президенттик башкарууну сурайм, үч жылда Кытайдын карызынан кутулуп, чек ара маселесин чечем ошондой эле коррупция менен каттуу күрөшөм.

Эгер үч жылдын ичинде ушул маселерди чече албасам кызматтан кетем», - деди Имамидин Ташов маалымат жыйынында.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Эскерте кетсек, учурда Имамидин Ташов президенттикке талапкер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости