www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздеги азыркы болуп жаткан кадр саясаты мамлекетибиздин келечегин туңгуюкка алып барчудай сезилүүдө. Сөзүбүздүн мазмуну кур болбос үчүн мисал келтирели. Жакында дайындалган ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков тууралуу коомчулукта көптөгөн терс пикирлер айтылып келүүдө. Бирок бийлик органдары коомчулукту жоопсуз калтырууда. Негизи ИИМ жетекчилигине баардык тепкичтерди басып өткөн, такшалган, артында калбыр иши жок жетекчи дайындалышы керек болчу. Тилекке каршы, андай болбой калганы өкүндүрөт. Бул кишини 2018-жылдын 27-апрель күнү Кашкар Жунушалиев өзүнүн буйругу менен ИИМдин 7-башкармалыгынын “тыңшоо” кызматынын башчысы кылып дайындаган. ИИМдеги бул башкармалык негизинен жашыруун кызматка кирип, мамлекетибиздин купуя сырларын сактап, УКМК менен биргеликте жумуш алып барышат. Тилекке каршы, дал ушул Улан Ниязбеков өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бул кызматтын купуялуулугун сактабай, ИИМди уят кыла ашкерлеген учуру болгон. Бирок, ошол кездеги жетекчиси Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаевдер кулак укпас, көз көрбөс кылып, Улан Ниязбековдун “кылмышын” жаап коюшканы кандай? Бул шектүү кадр көп өтпөй ИИМди жетектеп калды. Кызыктын баары ушул жерде.... Улан Ниязбеков кылмышка шектүү катары камакка алынып, 5-6- октябрдагы төңкөрүштөн кийин абактан бошотулган Эмилбек Кимсанов жана азыркы ИИМдин тергөө башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Айткурманов Сыргак Токталыевичтин телефон сүйлөшүүлөрүн коомчулукка жарыяламакчыбыз. Кимсанов телефон чалууда башта кимге чала турганын эскертип жаткан учур: “Мен азыр ИИМдин жашыруун башкармалыгынын башчысы Улан байкеге чалам, бирок Улан байке, кечиресиз, мен бул чалууну өзүмдүн жеке коопсуздугум үчүн кылып жатканыма. Мен сизди түшүнөм, бул кылмыш иши мага карата токулуп, атайын ачылган буюртма иш. Ошондуктан сиз мага, ушул мага карата козголгон кылмыш ишин жапканга жардам беришиңиз керек!” дейт...
Кимсанов: --Алло? Аке, эмне байланыш начар болуп жатат? “Көктөн” чалайынбы?”
Ниязбеков: --Кандай? Жок, жакшы эле угулуп жатат. Мен кулагыма наушник тагып алгам болчумун. Ал телеграммаңа звонок кетпей жатат го? Мен сага чалам, сен мага чаласың.
Кимсанов: --Мен азыр тоо жакта жүргөм, ошого байланыштуу жакшы болбой жатат.
Ниязбеков: --Сен тоодо эмне кылмак элең? Эмне эле качып жатасың?
Кимсанов: --Улан байке, чынын айтсам, мага, Төлөгөнгө карата издөө жарыялаптыр, эмне кыларыбызды билбей калдык.
Кимсанов: --Улан аке, мага карата чыккан соттук-медициналык экспертизанын корутундусу “денеме оор залал келтирди” болуп чыккан болчу. Эми карасаңыз, кечээ күнү менин катышуумсуз, мага кабар бербей туруп, актоочумсуз мага карата чыккан экспертизанын корутундусун жокко чыгарышып, анулировать этип салышыптыр. Тигиникин туура деп табышып. Мени “камалсын” деп чечим чыгып жатканын уктум. Муну кандай түшүнсө болот?
Ниязбеков: --Памир Жумалиевичке чыкпайсыңбы? (ИИМдин орун басары).
Кимсанов: --Улан байке, айкын болуңуздар да! Мен билбей калдым, кимге ишенээрди...
Кимсанов: --Бериңизчи, Памир Жумалиевичтин номерин?
Ниязбеков: --Сен Памир Жумалиевичке чык! Айтып түшүндүр ал кишиге. Мен эмне кылышым керек? “Кир” дедиң, кирдим. “Айт” дедиң, айттым. Сени “сөзсүз түрдө сурак кылыш керек” деп жатышпайбы, ошого сен келишиң керек!
Кимсанов: --Аке, ал сурактар бүткөн. Алар мыйзамды бузуп жатышпайбы! Тергөөчү аябай грамотный экен, бизди видеокөзөмөлдүн негизинде сурак кылып, териштирип койгон. Тиги тарап “сасык” экен, керек болсо тергөөчү айтып жатат. Күбөлөрдү да сурак кылып койгонбуз, сотко барса да эч нерсе кыла албайт! Бир гана алардын максаты менден акча талап кылганы байкалууда. Окуя башталганда ал мени бир урган, анан мен аны бир урдум, ошону менен мушташ бүткөн. Кечирип коёсуз, Улан байке, кечээ адвокат барып, тиги-буларын бүтүрсө, эми “Автандилден тосмо арыз алып бересиңер” деп жатыптыр. Былтыр Автандил бизден беш ай качып жүргөн болчу, биз аны таба албай жатабыз. Телефон чалсак албай жатат.
Ниязбеков: --Албай жатабы? Гудок барып жатабы?
Кимсанов: --3-февралдан баштап албай жатат. Ошону кандай айтсаңыз туура кылайын, аке?
Ниязбеков иш бөлмөсүнөн ИИМдин тергөө башкы башкармалыгынын башчысы Сыргак Айткурмановго чалып жатат: “Сыргак, ассолому алейкум!”
Айткурманов: --Угуп атам, угуп атам сизди...
Ниязбеков: --Сыргак, мен Улан! Сыргак, тиги Автандилди кандай кылабыз? Ал байланышка чыкпай жатыптыр. Эмил чалса телефонун албайт экен. Өзүң сүйлөшүп эле айтпайсыңбы? Макул анда ээ? Өзүң чакырып эле сүйлөшүп алып койчу? А берки строжовой карточкаларын алып койдуңарбы? Кечээ Оштон бирөөнү сурадым эле го, Памир Жумалиевичтин кабинетинде, ал эмне болду?” Мына ушул сүйлөшүүлөрдө кылмыштын курамы даана көрүнүп турса да, кээ бир аткаминерлер үн катпай турганын кандай түшүнөбүз? “Кой терисин жамынган карышкырга кой кайтарткандай” болуп жаткандай го... Же УКМК дал ушул фактылар боюнча кылмыш ишин козгойбу?..
Булак: NazarNews.kg