www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы талкууга алынды. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2023-жылдарга карата болжолу да талкууланууда.

Жыйында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артем Новиков өлкөдөгү экономикалык өзгөрүүлөр дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы кырдаалга жараша болгонун белгилеп, бирок ага карабай бардык каржылык милдеттемелер аткарылып жатканын билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, 2020-жылы ИДПнын көлөмү 5.3% төмөндөшү күтүлүүдө.  Өнөр-жай жана тейлөө тармагында 9,1% деп бекитилген өсүшкө жетпей, 4,8%га төмөндөшү  көрүнүүдө. Ал эми курулуш жана айыл-чарбасында да өсүү темпи 2,9%дан 2%га төмөндөшү мүмкүн. 

Ошондой эле жыйында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артем Новиков коронавирус илдетине каршы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, учурда эки айга жеткидей керектүү жабдуулар, дары-дармек каражаттары камсыздалганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев 2021-жылы бюджеттеги таңсыктыкты азайтуу багытындагы Өкмөттүн аракетин сурады.

Өз кезегинде Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артем Новиков салыктык жараяндардын фискалдаштыруу менен санариптештирүү аркылуу салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү жаатында иштер жүргүзүлөрүн билдирди. "Өнөктөштөр менен сүйлөшүп, эл аралык инвестициялык алакаларды арттыруу багытында сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз", - деди Артем Новиков.  

Эскерте кетсек, жыйынга тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери катышууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости