www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээтен бери Фейсбукта “KG Group” курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташов "маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин артында калган үй-бүлөсүнө акысыз батир берет экен" деген маалымат шамалдай тарады. Ишкердин демилгесине кубанып, бул кабарды өз оозунан тактоо үчүн жолугуп баарлаштык.
- Имамидин мырза, социалдык түйүндөрдөн Сиздин маркум журналист Улан Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө батир берүү тууралуу чечимиңизди окудук. Бул боюнча өзүңүздөн уксак.
- Чындыгында журналистика тармагында биздин бул жердешибиз, кыргыз жараны, инибиз өтө чоң из калтырып кетти. Кийинки учурда журналистика элдин түшүнүгүндө ортомчу катары калыптанып баратканын мен айтпай коё албайм. Жакшыны жарыя кылчу эмес, көбүрөөк ушак айдыңында гана көрүнүп калды. Бирок, ушундай мезгилге карабастан, Улан Эгизбаев өзүнүн актыгынан тайбай, дайыма туура нерсени туура деп, эч кандай коркутуп-үркүтүүлөргө, кысымдарга карабастан, адал менен арамды ажырата билди. Ошонусу менен жакшы бир суу кетчү арыкты чаба алды деп ойлойм. Жаштыгына карабастан, кичинекей арыкчырай жигит бир гана аял, бала-чака, тууган-урук, ата-эне, жоро-жолдош, айыл-апаны эмес, жумурай журтту ыйлата алды. Ошол каргашалуу күндөрү мен, тилекке каршы, бул жакта болбой калдым. Келээрки бир жуманын ичинде жакын досу болгон журналист Каниет Жыргалбеков менен чогуу Уландын айылына барып куран окутканча, биз да бир ишкер, кыргыздын жараны катары ушул жигитти колдоп коюу максатта бир батир бөлүп берсек деп ниет кылуудамын.
Каниет менен кечээ байланышсам, ооруканадамын деди эле, аны көргөнчө экөөбүз сүйлөшүп, өз оюмду ага айткам. Ал менин ниетим болчу, бирок Каниет аны социалдык түйүндөргө таратып жиберген экен. Берем деп ниеттенгенден кийин, буюрса бир батирди бөлүп берем.
- Кайсы даректен, канча бөлмө батир берээриңиз так дайынбы?
- Бүгүн өзүбүздүн балансыбызда болгон батирлерди карап чыгып, жакынкы күндөрдө Уландын үй-бүлөсүнө бериле турган батирдин аянтын, кабатын, дарегин расмий түрдө дагы кабарлайбыз.
- Сизди ишкер катары эле эмес, муктаж болгон адамдарга жардам берип, кайрымдуулукту көп жасаган филантроп катары да билебиз. Жалпысынан канча кишиге, кандай адамдарга батир бердиңиз?
- Кечээ кечтен баштап бул сөздөр тарап кетиптир. Ошого карабастан канча интернет булактар, канча гезит-журналдар өздөрү бизден маек албай туруп, мени менен Каниет Жыргалбековдун маегине ыктап эле маалымат чыгарышыптыр. Мен бирөөгө да чалып же чакырып, ушундай маалыматты чагылдырып бергиле деп суранган жокмун. Бирок, ушундай тазалыкты, патриоттуулукту, адилеттүүлүктү ушу күнгө чейин туу кылып көтөрүп келген Улан Эгизбаевдей жигиттин эмгегин баалоодо, ошодон калган туякка бекер батир берүүдө да шагыбызды сындырганга аракет кылып жатышат. Бекер берүүдөн кынтык издебей эле коюшса. Бекер берели дегенибизди сындаган айрым жарандар болбой койгон жок. Бирок, биз ушул убакка чейин Чоро Думанаев атабызга батир бергенбиз. Менин маалыматым боюнча, ал киши азыр ошол үйдө жашап жатат. Төрт жылдан бери 4 жаш үй-бүлөгө батирлерди бердик. Алардын экөө кирип жашап жатышат, калган экөөнө берилүүчү батирлер жыл аягында бүтөт, бүтсө аларга да берилет. Жетим-жесирлерге үй салып берген учурларыбыз да болгон. Аларды көргүсү келген көрөт, көргүсү келбегендер туура эмес маалымат берип, өзүнүн гана деңгээлин түшүрө берет.
- Өзүңүз Чоро Думанаевди айтып калдыңыз. Ал киши жөнүндө көп сөз болот. Ошол боюнча тактап коюңузчу – Ч.Думанаевге батир берүү боюнча Сиз качан айттыңыз эле жана ал киши качантан бери кирип жашап жатат?
- 2015-жылы сертификат тапшырганбыз. Ошондо эле “бүткөн үйлөрдө батирлер калбай калыптыр, жаңы башталган үйдөн беребиз” деп айтканбыз. Аны 2017-жылы бүтүрүп, расмий түрдө ачкычын тапшырганбыз, ал киши 2018-жылы ичин жасап кирди. Туура эмес маалыматтар чыккан сайын эле ал киши ачууланып “мен кантип бекер алып жатып, ала элекмин дейм, андай нерсеге барган эмесмин, барбайм да” деп 3-4 жолу “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо”, “Де-Факто” гезиттерине маек берген. Ачкычын алгандан кийин да гезиттерге айтып чыккан. Ошолорго карабастан, “ала элек” деген тескери, жалган маалымат тараткандарга мен пикир айтпай эле коёюн, өздөрү уят болушат.
Маектешкен Кубатбек Айбашов
Булак: NazarNews.kg