www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Эмне үчүн Атамбаев КСДПнын курултайын өткөрүүнү улам кийинкиге жылдырап жатат, мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Ушул учурда, конкреттүү биздин өлкөдө саясатчы болуш өтө кыйын, ар дайым рейтингдин башында, дайыма популярдуу жана таасирдүү болуп туруу ого бетер кыйын. Атамбаев тажрыйбалуу саясатчы, эки жолу революция жасаган Кыргызстандын элин, электорат ачуусун бат эле ырайымга айланта аларын эң сонун түшүнөт. Ошондуктан, ал жаңылып калбаш үчүн саясый кырдаалды аябай кылдат изилдөөдө. Анткени, ал Бабановго байланыштуу бир жолу жаңылышып,  анын КСДПсы аз жерден саясый аренадан жоголуп кете жаздады. Элестетип көрсөңөр, Бабанов шайлоодон утуп чыкса эмне болот эле? Атамбаев каякта жүрөт эле? Дагы бир жолу белгилеп койгум келет, саясатчы болуу кыйын, бир райондун эмес, жалпы элдин урмат-сыйына чындап арзыган саясатчы болуу ого бетер кыйын.

— Сиз суроого жооп берген жоксуз, эмне үчүн Атамбаев КСДПнын курултайын өткөрүүнү улам артка жылдырууда?

— Кандай себеби бар экенин мен билбейт экенмин. Бирок, эксперт-аналитик катары өзүмдүн божомолумду, анализимди гана айта алам. Атамбаев тажрыйбалуу саясатчы катары таза, жогорку атаандаштыкта өткөн президенттик шайлоодон кийин эл жаңы президент Сооронбай Жээнбековго чоң үмүт артып жатышкандарын эң сонун түшүнөт. Ошондуктан, жаңы президент шайлангандан жок дегенде жүз күн өткөнчө күтүп, кырдаалга анализ жасап, тиешелүү тыянактарды чыгарган туура болорун сезет. Алты жыл президент болуп иштегенден кийин КСДПнын биринчи курултайын өткөргөн эмне экенин билесиңерби? Эгер силер түшүнбөсөңөр, Атамбаев муну эң сонун түшүнүүдө, бул чоң жоопкерчилик экенин билип турат.

Мындан ары да саясатта гана эмес, саясый олимпте калгысы келсе, ал өзүнүн партиясынын, элдин алдында чын сөздү айтууга тийиш. Бүгүнкү күндө бийликте турган, өлкөдөгү кырдаалга, аларды шайлаган миллиондогон карапайым жарандардын күндөлүк турмушуна жоопкер партиянын мындан аркы жолун аныктоочу өтө жоопкерчиликтүү сөздү сүйлөөгө тийиш. Дал КСДП Сапар Исаковдун ишмердүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат.

Ошондуктан, Атамбаев  курултайды өткөрүүнү кечеңдетип, кырдаалга, өкмөттүн ишине, өкмөттүн ишмердүүлүгү КСДПнын кадыр-баркына кандай таасир этип жатканына баа берүүдө. Атамбаев азыркы түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун кандайдыр бир жолун табышы керек да, себеби, премьер- министр Сапар Исаковдун иши үчүн ал жоопкер. Атамбаев өзү Сапар Исаковду КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү кылганын, ал азырга чейин КСДПнын лидерлеринин бири болуп жүргөнүн унутпагыла.

Курултай өткөрүү деген эмне?.. КСДПнын парламентте өз фракциясы бар, дал ушул фракция партиянын саясый кеңешинин мүчөсүн премьер-министирликке көрсөткөн. Сапар Исаков премьер-министр болор замат ызы-чуулар башталып, ал партиянын саясый кадыр-баркына таасирин тийгизүүдө, ошондуктан, “өкмөткө байланыштуу кырдаал бир аз оңолсун” деп курултайды өткөрүүнү жылдырууда. Анткени, Атамбаев кайрадан партиянын лидери болуп шайланган соң, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо өзүнүн партиясын жеңишке жеткирүүгө тийиш, бул болсо өтө чоң жоопкерчилик. 

— Парламенттик шайлоо 2020-жылы Конституцияда белгиленген мөөнөттө өтөт деп ойлойсузбу? Элдин баары “парламент тарайт, ушу күздө жаңы шайлоо болот” деп айтып атышпайбы?

— Биз баарыбыз Конституцияны кылдаттык менен окуй турган кез келди деп ойлойм. Атамбаевдин эң чоң эрдиги ушунда, ал эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу президенттикке таза шайлоолорду камсыздап, Конституция боюнча бийликтин тынч жол менен өткөрүлүп берилишин ишке ашырды. “Эми КСДП өзүнүн лидери Атамбаевдин эң башкы саясый жетишкендигине крест коёт” деп ойлоп атасыңарбы?

— Бирок, партиялардын баары шайлоого даярданып атышпайбы, КСДП болсо жаңы талапкерлердин тизмесин түзүп баштаганы айтылууда. Бул жөн гана ушак сөз эмес, конкреттүү кишилердин конкреттүү иштери эмеспи?

— Эгер Атамбаев жана анын партиясы кырдаалды олку-солку кылып, азыркы парламентти дискредитациялап, парламенттин ичине бүлүк түшүрүп, жаңы шайлоону өткөрмөкчү болсо, бул бир гана нерсени туюндурат – Атамбаев кайра бийликке келе турганын! Мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоолор  республиканы кайрадан саясый ыйкы-тыйкылыктарга дуушар кылып, реформаларды, коррупцияга каршы күрөш кайрадан арткы планга жылдырат.  Атамбаев “мен бийликке кайра келем, силер болсо эч качан келбейсиңер” деп айтпадыбы… Демек, ал бийликке конституциялык мөөнөттөн мурдараак келмекчи болуп жатыптыр. Бул эми анын планы, бирок, элдин планы аныкы менен дал келбей калышы мүмкүн.

— Демек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоолор болушу мүмкүн дейсизби?

— Менин оюмча, Атамбаев менен анын жан-жөөкөрлөрү биринчи кезекте Сапар Исаковдун өкмөтүн сактап калгылары келип жатышат. Ошондуктан, депутаттардын башына “Исаковду отставкага кетирели” деген ой келбеси үчүн “парламентти таратабыз” деп коркутушууда. Кыязы, алар өкмөт менен парламент тил табышып, парламент өкмөттү көзөмөлдөбөй калышын, атүгүл өкмөткө баш ийүүсүн каалап жатышат окшойт. Эгер андай болсо, бизде Конституцияда жазылгандай, президенттик-парламенттик республика эмес, президенттик-өкмөттүк республика болуп калат. Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча шашылыш аракеттердин түпкү максаты ушул болушу мүмкүн. Бул бир гана нерсени — бийлик үчүн күрөш уланып жатканын билдирет. Бийлик бул күрөшкө кайрадан элди аралаштырмакчы, реформалар, коррупцияга каршы күрөш дагы кийинкиге калат…

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости