www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 3-ноябрда Москва шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын мааракелик онунчу жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.
Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Марат Иманкулов учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга токтолуп, алар кичирейбей, мутацияланып, көп багыттуу, тез өтүүчү жана кооптуу болуп баратканын белгиледи.
Ар бир мамлекет ар тараптан соккуларды алып, заматта геосаясий оюндардын бутасына же куралына айланып кетиши мүмкүн.
Бир эле өлкө коркунучтардын бүтүндөй комплексине өз алдынча туруштук бере албайт. Эл аралык коопсуздук кимдир бирөөнүн агрессивдүү амбицияларынан көз каранды болбошу керек. Дестабилдештирүү аракеттерине натыйжалуу каршы туруу зарыл.
Ушуга байланыштуу, Коопсуздук кеңешинин катчысы баса белгилегендей, Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн жана дүйнөлүк коомчулуктун жалпы комплекстүү иши өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты куруу, ошондой эле өнүгүү жолунда туруктуулуктун жана тынчтыктын кызыкчылыгында компромисстерди табуу үчүн зарыл.
Мындан тышкары, КМШ форматында компетенттүү түзүмдөрдүн ортосунда ыкчам маалымат алмашууну күчөтүү, ошондой эле өз ара ишенимди бекемдөө жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу, Куралдуу Күчтөрдүн сандык жана сапаттык курамы жөнүндө, чек ара райондорунда жана чек арага жакын жерде жайгаштырылган оор техниканын, танктардын, артиллериянын, бир нече учуруучу ракеталык системалар (эгерде бул Шериктештиктин тышкы чек араларына тиешелүү болбосо) тууралуу бири-бирине маалымат берүү сунушталды.
Булак: NazarNews.kg