www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖК аппаратынын эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмүнүн башчысы менен маек.
Гезитибиздин өткөн санында “Мамытовдун жандоочусу Юнусов баш болгондор кылтакка илинишеби?” аттуу макала жарыяланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Юнусов жогоруда айтылган маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирип, суроолорубузга жооп узатты.
-- Чыңгыз мырза, буга чейин кандай жолдорду басып келдиң жана парламенттеги чыйыр качан башталды эле?
-- Мен мектепти 2004-жылы жалаң “5” деген баалар менен аяктап, Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус “Славян” университетинин эл аралык факультетине бюджетке өтүп, аны 2008-жылы кызыл диплом менен аяктап, Россиянын ТИМнин Москва мамлекеттик эл аралык институтун («МГИМО», магистр даражасы) эл аралык факультетине бюджетке өтүп, 2010-жылы магистр даражасы менен аяктадым. Ошондон кийин 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде эмгек жолумду баштадым.
2012-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын эки тараптуу кызматташуу бөлүмүнүн үчүнчү катчысы болуп, Кыргыз Республикасынын Украина, Беларусь, Молдова, Азербайжан, Грузия, Түркмөнстан, Өзбекстан менен эки тараптуу кызматташуунун маселелери боюнча жана мамлекеттик протокол бөлүмдөрүндө жана Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинде иш алып барып жүрдүм. 2020-жылы мөөнөтүм бүткөнүнө байланыштуу министрдин буйругу менен борбордук аппаратка чакырылып, дипломатиялык кызматымды уланттым.
2021-жылдын октябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тескемесинин негизинде Жогорку Кеңешке которулуп, бүгүнкү күнгө чейин эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмүндө бөлүм башчы болуп эмгектенип келем.
-- Акыркы жумаларда сенин дарегиңе бир топ ачуу сындар айтылды. Канчасы төгүн, канчасы чын экенин өз оозуңан уксак?
-- 2021-жылдан тартып биздин бөлүм башка чет өлкөлүк парламенттер менен байланыштарды бекемдөө, мамилелерди өнүктүрүү багытында иштеп, Жогорку Кеңештин жетекчилигинин, депутаттарынын, расмий жана иш сапарларын даярдап, ийгиликтүү өткөрүп, чет өлкөлөрдө Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоого салымыбызды кошуп келебиз.
Бирок соңку 3-4 жума аралыгында жеке менин дарегиме каралоолор башталды. Кара пиар жасаган адамдын ММК тармагында бир топ тааныштары бар өңдүү. Бирок бул аябай ыплас жол. Башкача айтканда, муну ким жасап жатканын билип турам. Мени ата-энем “жаманга жанашпа. Бирөө сени таш менен урса, аны аш менен ур” деп тарбиялашкан. Ал адамдардын аттарын атабай эле коёюн. Биздин системада ар кандай кырдаалдар болуп калат. Кээ бир жерде менин каалоом менен деле эмес, айрымдарды жумушка ала албай калам. Акыркы 3-4 ай мурда бизде 30% кыскартуулар болду. Кээ бир менин кызматкерлерим кыскартууга туш болуп калышты. Ага эч кандай каршы боло албайм. “Балким, алар капа болушуп, ар кандай каралоо иштерин жасап жатышкандыр, же алардын да ата-энеси, жакындары салым кошуп жатабы?” деген да ойго келдим. Биз мыйзамдан оңго же солго кача албайт экенбиз.
-- Чет мамлекетке болгон сапарлар тууралуу да сындар айтылды?
-- Ооба, чет өлкөлөргө болгон иш сапарлар тууралуу да каралоолор айтылыптыр. Мунун баары ар бир мекеме тарабынан: министрлик, агенттик болобу, жыл аягында тийиштүү мамлекеттик мекемелер жагынан текшеришет. Кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, алар өз жыйынтыгын чыгарып, жоопкерчиликке тартат.
Дагы бир жеринде мени “жумуштан айдалган” деп айтышыптыр. Бул толугу менен калп. Анткени айтылган маселе боюнча белгилүү бир маалымат каражатынын башкы редактору Тышкы иштер министрлигине кат жөнөткөн. Ага берилген министрликтин жообун карасаңар, эч кандай жумуштан айдалганым тууралуу кеп жок. Кыскасы, ар бир эле түз жүргөн адам кара пиарга тушугуп каларын баамдадым.
Мен мамлекеттик кызматта 10 жылдай убакыттан бери эмгектенип келе жатам. Бирок, биринчи жолу ушундай нерсеге кабылып отурам. Ошондуктан журналисттерге айтарым, маалымат берерде алдын ала тактап, калыстык менен чыгарса дейм. Элибиз ММКларга бөркүндөй ишенишет. Журналисттер хирург сыяктуу: ашказанды кесип салышы мүмкүн, же тескерисинче, өмүрүн узартканга жардам бериши ыктымал. Биз мамлекеттик ишмербиз. Андыктан мамлекеттик ишмердүүлүктү коргоп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошсок деген максатты аркалап келебиз. Илим-билимдүү жаштарыбыздын көбү чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Биз аларга шарт түзүп берүүнүн ордуна кара пиар жасаганыбыз туура эмес го. Мындан ары журналисттик чөйрөнүн калыстыгына ишенем.
Жамиля Нурманбетова "Азия Ньюс" гезити