www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Кытай менен Орусиянын Корея Элдик Демократиялык Республикасына (КЭДР) мүмкүн болгон өзөктүк сыноону болтурбоо үчүн таасир этишин каалайт. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда «Рейтер» агенттиги америкалык жогорку даражалуу аткаминерге шилтеме берүү менен билдирди.

«Орусия менен Кытайдын аракеттери аларга [КЭДРге] таасирин тийгизет деп ишенем. Кытай менен Орусия Түндүк Кореянын өзөктүк программасына көптөн бери каршы. «Биз ишенебиз жана алар КЭДРди өзөктүк сыноо өткөрбөөгө ынандыруу үчүн өз таасирин колдонууга аракет кылат деп ишенебиз жана албетте күтөбүз», - деди расмий өкүл.

Ал ошондой эле америкалык аткаминерлер Түндүк Корея өзөктүк сыноолорду качан өткөрүшү мүмкүн деген так графиги жок экенин белгиледи.

Бул тууралуу АКШнын жогорку даражалуу расмий өкүлү АКШ Түндүк Кореянын ракета учуруусу боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешин 4-ноябрда жыйынга чакыргандан кийин билдирди.

26-майда Орусия менен Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинде 24-мартта КЭДРдин континенттер аралык баллистикалык ракета учуруусун айыптаган резолюциянын долбооруна добуш берүү үчүн вето укугун колдонушту. Долбоор санкцияларды күчөтүүнү жана бул өлкөгө чийки мунай жана кайра иштетилген продукцияларды берүүнү кыскартууну караган.

Акыркы күндөрү КЭДР 240ка жакын учактын катышуусунда 31-октябрда башталган АКШ менен Түштүк Кореянын беш жылдагы эң ири биргелешкен машыгуусу болгон «Кайраттуу бороондун» фонунда ракета учуруусун кескин көбөйттү. Кечээ, 3-ноябрда Түндүк Корея дагы үч ракета учургандан кийин Вашингтон менен Сеул 4-ноябрда аяктай турган машыгуулардын графигин узартууну чечишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости