www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылымдар боюу ата-тегибиз Шиберди (сибирь) көзөмөлдөп, кучак жеткиз улуу империяны түзгөнүбүздү эске албай унчукпай келдик. Тарых таржымалына келсек бул державага Чыңгызхан өзү суктанып ушундай мамлекет курсам деп элестетчү экен. Эгемендүүлүұктү алган соң эшик кенен ачылып Кыргыз каганты тууралуу маалыматтар бериле баштады. Кыргыздар тууралуу орус империясынын тушунда да, СССР убагында туура эмес маалыматтар берилип жүргөн. Орустар байыркы кыргыздарды эсинен чыгарып, белгилүү окумуштуусу Кызласов деген хакас «Кыргыз» деген эл болгон эмес, кыргыздар хакастардын башкаруучу уруусу болгон деп келжиреп турду.

Мейли келжиресе келжиресин болгон күчүн ал эч кандай «энесай кыргыздары» Ала-Тоону көздөй көчүшкөн эмес, деп азыркы кыргыз элинин «Шибердеги тарыхын» кыя чаап жатат. Ал байыркы кыргыздардын 18 кылымга чейин энесайдагы тарыхын жокко чыгарып жатат. «Енисей кыргыздары» термини өтө тар, «Сибирь кыргыздары» жөнүндө сөз кылуу зарыл, анткени - Кыргыз каганаты - Уралдан Амурга, Байкалдан Тибетке чейин созулган», - деп жатат тарых илимдеринин доктору Виктор Козодой.

Кыргыздарды бир өзөндүк Энесайлык кыргыздар дебестен Сибирь кыргыздары деш керек. Энесайлык кыргыз дегенге орус окумуштуусу Виктор Козодой макул эмес. Козодой деген орусиялык тарыхчы энесай кыргыздарын туура эмес аташкан «шибер кыргыздары» деп аташ керек деп туура айтып жатат. Кыргыздар Шиберде биринчилерден болуп мамлекет курушкан. Ал мамлекет биздин замандын 3 кылымынан 17 кылымга чейин жашаган деп.

Падышачылык заманында, Совет доорундагы орустар эмне десе ошону туурагын кыргыз тарыхчылары Энесай кыргыздарын ата-баба кылгандан дырдай качышчуу эле. Анан жалган тарых кантип болсун. Козодой «Шибер кыргыздары» деп атабызды бир заматта таап берип койду. Азыркы кыргыздар ошол «Шибер кыргыздарынын» тукумдары деп жазып жатат, мындайча айтканда кыргызга бүтүндөй Шиберди ыйгарып салды.

Козодой Кызласовдун теориясы туура эмес деп жокко чыгармай болду. Кызласовдун «Хакастар» деген китеби хакастарды мактап, кыргыздарды басынткан китеп. Хакас деген эл советтик заманда эле пайда болгон. Мурун орустар аларды «миңсуулук (минусинский) казактар» деп аташкан. Совет мамлекети учурунда «хакастар» деп аталып калган. Эми жаңы ат алганына 100 жыл боло элек хакастар Кызласов аркылуу тарыхыбызды талашып жатат.

Академик Алексей Окладниковдун классикалык эмгектеринен кийин Сибирь боюнча бул эбегейсиз зор аймакты изилдөөнүн ар түрдүү аспектилерин камтыган мындай масштабдуу эмгектер чыккан жок. Новосибирск шаарындагы Тарыхый жана коомдук-саясий изилдөөлөр институтунун директору, тарых илимдеринин доктору Виктор Козодой жакында NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде азыр элдик тилде жазылган ушундай көп томдук эмгекти даярдап жатканын билдирген:

«Бизде Сибирдин бардык жылдардагы тарыхы боюнча 1968-жылдагы бир гана басылышы бар. Ошондон бери Сибирдин тарыхы боюнча академиялык да, илимий-популярдуу да эч нерсе болгон эмес. Көбүнчө бири-бирине карама-каршы келген өзүнчө тар темалар боюнча көп иштер бар. Университет окуу китептери, мектеп окуу китептери – Сибирдин тарыхы боюнча предметтер бар, бирок мунун баары 16-кылымдын аягында Ермактын жортуулу менен башталат деген өтө олуттуу маселе бар. 17-кылымда Миллер аттуу немис-орус тарыхчысы болгон. Ал 18-кылымда «Сибирь тарыхы» китебин чыгарган. Сибирь орустар келгенде тайга, тундра, кар гана болгон тарыхый жер эмес экени анын негизги позициясы болгон. Аңчылардын, балыкчылардын кээ бир уруулары келишкен. Мынчалык өзгөчө эч нерсе болгон эмес. Эч нерсе болсо, анда изилдей турган эч нерсе да жок болчу. Сибирдин тарыхы 1968-жылы изилдене баштаган. 1968-жыл — бул бирден-бир методология, таптык мамиле, маркстик-лениндик таптык күрөш экендигин сиздер менен биз түшүнөбүз. Андан бери жарым кылым өттү, көбүрөөк маалымат пайда болду, мурунку маалыматтардын баары эскирип калды. Мен мунун баарын эл түшүнүшү үчүн илимий-популярдуу стилде жасоо идеясы бар болчу. Мен аныне 90% бүттүм» -деп жазат Виктор Козодой.

Сөздүн чындыгына келсек бир гана Энесайды бойлогон элдерден көрө бүткүл Сибирди  тейлеген кыргыздар өйдө эмеспи. Буга тарыхчыларыбыз Табылды Акеров, Тынчтыкбек Чоротегин, Кыяз Молдокасымовдор эмне дээр экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости