www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финляндия менен Швеция Түркиянын НАТОго кирүү боюнча бардык шарттарын аткара элек. Бул тууралуу кечээ, 3-ноябрда Түркиянын тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.

«Биз кээ бир позитивдүү кадамдарды көрүп жатабыз, айрыкча курал эмбаргосун алып салуу жана мыйзамдык өзгөртүүлөр. Бирок бул бардык шарттардын аткарылышы эмес», - деп жазган «Хабертүрк» гезити Чавушоглунун сөздөрүн.

Түркиянын тышкы иштер министри Швеция менен Финляндия түрк тараптын тынчсыздануусун эске алуу менен 28-июнда кол коюлган коопсуздук меморандумунун бардык талаптарын аткаруусу керектигин баса белгиледи.

Ал сүйлөшүүлөрдүн оң натыйжасына үмүт артып, НАТОнун талапкерлерине туруктуу кадамдардын зарылдыгын эскертти.

Буга чейин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Швеция менен Финляндиянын Түндүк Атлантика альянсына кошулуу процессинин аягына чыгышы керектигин, анткени бул эки өлкө Түркия тарабынан мурда коюлган жана НАТОго кирүү үчүн зарыл болгон шарттарды аткарганын айткан. Ал 4-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен бул маселени талкуулоо ниетин да билдирди.

Ошол эле күнү булактар ​​Bloomberg агенттигине түрк өкмөтү Швециянын НАТОго мүчөлүк арызын жылдын аягына чейин, жада калса июнь айындагы президенттик шайлоого чейин ратификациялабай турганын айтышкан. Агенттиктин булактарынын билдиргенине караганда, Швециянын бийликтери Анкаранын талаптарын канааттандыруу үчүн жетиштүү чара көргөн эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости