www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Жаматтык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгууну көздөбөйт, уюмга муктаждыгы бар. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 17-октябрда Биринчи радиого курган маегинде билдирди. Иманкулов анда Кыргызстандын ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгууларын өткөрүүдөн баш тартуу себебин түшүндүрдү. Анын сөзүнө караганда, машыгуу сентябрь айындагы Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусуна байланыштуу өтпөй калды.
"Биз “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгууларын өткөрүүгө 100% даяр элек. Бирок Баткендеги ондогон адамдын өмүрүн алган окуялардан соң, биз кырдаал чыңалып турганын эске алуу менен, аскердик машыгууну өткөрүүдөн баш тарттык. Кийинчерээк өтөт".
Марат Иманкулов бул кадамдан кийин коомчулукта Кыргызстан ЖККУ мүчөлүгүнөн чыгат деген пикирлер жаралганын айтып, аларды четке какты.
Булак: NazarNews.kg