www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын президенти калк арасында улгайгандардын көбөйүшүнө тез арада аракет көрүү керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал элдин ден соолугу үчүн артыкчылыктуу багыттарга көңүл буруп, балдардын төрөлүшүн колдогон саясатты түзүү керектигин, калктын арасында карыгандардын көбөйүшүнө байланыштуу аракет көргөн мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу зарылдыгын айткан.
Буга чейин өлкөнүн саламаттык сактоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Ван Хайдун 2035-жылы 60 жаштан өткөндөрдүн саны 400 миллионго жете турганын, бул калк санынын 30 пайыздан ашыгын түзөрүн билдирген.
Учурда Кытай олуттуу демографиялык көйгөйгө кабылууда, бул 1970-жылдагы "бир үй-бүлө — бир бала" саясатына байланыштуу. 2013-жылы эки балалуу болууга уруксат бере башташкан. Бирок мындан деле төрөгөндөрдүн саны өскөн эмес. Бийлик 2021-жылы үч балалуу болууга уруксат берген.
Соңку маалымат боюнча, Кытайдын элинин саны 1 миллиард 412 миллионго жетти (Гонконг, Макао, Тайванды жана чет элдиктерди кошпогондо).
Булак: NazarNews.kg