www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын түштүгүндө күчү 5,1 баллга жеткен жаңы жер титирөө катталганын өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар агенттиги (AFAD) билдирди. Анын артынан бир нече имараттар урап түшкөнүн РИА Новости билдирди. Ошондой эле Сирияда күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

AFAD билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Жер Ортолук деңизинин 9,26 км тереңдигинде жана Түркиянын жээгинен 6 км алыстыкта, Хатай провинциясында болгон. Каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Сириянын SANA агенттиги Идлиб провинциясынын түндүк-батышында күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө болгонун билдирди. Латакиянын түндүк-батышында күчү 3,4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Эскерте кетсек, 6-февралга караган түнү Түркияда жана Сирияда күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталса, ошол эле күнү күндүз дагы бир нече жер титирөө катталган. 

Табигый кырсыктын курмандыктары акыркы маалыматтарга караганда 40 миңден ашып, жүз миңге жакын адам жабыркады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости