www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-февралда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкө ортосундагы гуманитардык байланыштарды талкуулашты.

«Токаев Зеленский менен сүйлөшкөндө Казакстан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту БУУнун уставы жана дипломатиялык жолдор менен чечүүнү жактай турганын тастыктады», — деп айтылат Акорда тараткан маалыматта.

Акыркы жолу Казакстан менен Украина президенттери телефон аркылуу былтыр ноябрда сүйлөшкөн. Анда Зеленский Токаевди экинчи мөөнөткө кайра шайланышы менен куттуктаган.

Бул жолку сүйлөшүү орус армиясы украин шаарларына чабуулду күчөтүп, казакстандыктар украиналыктарга жардам көрсөтүп жаткан маалга туш келди. Жыл башынан бери казакстандык ыктыярчылар Украина үчүн боз үй, сандык, генератор жана башка буюмдарды чогултуп жатышканы жөнүндө көптөгөн маалыматтар тарап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости