www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улгайган адамдар, өнөкөт оорусу барлар жана үч жашка чейинки бөбөктөр "омикрон" штаммынын тобокел тобуна кирип, алардын арасында өлүм учуру көп катталууда. Бул тууралуу иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Николай Крючков билдиргенин РИА Новости жазды.

Медик аталган штаммдан бөбөктөр көз жума баштаганын белгилеген.

"Калк арасында "омикрон" күч алды. Бул штаммда деле тобокелчилик тобуна өнөкөт оорусу барлар менен жашы өтүп калган адамдар кирет. Мындан тышкары, "омикрон" үч жашка чейинки наристелердин да өмүрүн алууда. Алар илдетти тез жуктуруп, ооруканага түшүп калып жатышат", — деди Крючков.

Дарыгердин айтымында, өспүрүмдөр "омикрон" штаммына туруктуу келет. Анткени алардын иммундук системасы бул учурда активдүү фазада болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости