www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 19-январдагы жыйында санариптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин карап жатышат. Анын жүрүшүндө депутат Жеңишбек Токторбаев («Ата Журт - Кыргызстан») талапкерге байланыштуу кылмыш иши тууралуу айтты.

Депутат: - Урматтуу Талант Орозкулович, ГКНБда (УКМК) сизге ЕРППдан (Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестри) угловный иш козголуп, токтотулган экен. Эмне болгон уголовный иш болчу? Айтып койсоңуз…

Т.Иманов: - …

Депутат: - ГКНБдан иш козголуп, кыскартылган экен, эмне болгон иш болчу?

Т.Иманов: - Мага лично козголгонбу? … Сурооңузду түшүнө албай жатам...

Депутат: - Сизге уголовное дело козголуп, бир ай камакта жаткан экенсиз. Эмне иш боюнча эметтиңиз эле? Уголовный иш козголуп, андан кийин кыскартылыптыр. Эмне болгон уголовный иш болчу?

Т.Иманов: - Мен жаткан эмесмин…

Депутат: - Мына, турбайбы...

Т.Иманов: - Каякта жазылып турат?

Депутат: - ГКНБ ЕРППда «уголовное дело прекращен» деп турат.

Т.Иманов: - Муну билбейт экенмин, анда…

Суроо ачык калып, сөз кийинки кезектеги депутатка өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости