www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги кафеден ролл жеп ууланып, ооруканага кайрылган адамдардын саны 179га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт. Маалымат бүгүн, 26-октябрда, саат 11:00гө карата алынган. Билдирмеге караганда, статистикага Чүй облусу да кошулган. Тамакка ууланып кайрылган 179 адамдын 18и балдар.

Ууланып дарылангандар ар башка ооруканада:

Темир жол ооруканасы — 13 адам;

3-шаардык клиникалык балдар ооруканасы — 12;

Улуттук госпиталь — 24;

Ысык-Атадагы жалпы дарыгердик практика борбору — 1.

Калганы алгачкы медициналык жардам алган соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Эске салсак, 24-октябрда "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости