www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустун "дельта" штаммынын AY.4.2 деп аталган жаңы варианты өтө жугуштуу экени жана антителого туруштук бере алаары жөнүндөгү маалыматтар тактала элек. Бул тууралуу Орусиянын Роспотребнадзор мекемесиндеги илдеттерди аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды издеген илимий топтун жетекчиси Камиль Хафизовго шилтеме берип РИА Новости жазат.
Буга чейин Улуу Британиянын Саламаттык сактоо агенттиги коронавирустун AY.4.2 варианты "дельтага" салыштырмалуу бир нече эсе жугуштуу экенин айтып чыккан.
"Британиялык окумуштуулар алгачкы иликтөөлөрдүн гана жыйынтыгын айтып жатат. Бул жерде оорулуунун жаш курагы, эмдөөдөн өткөн-өтпөгөнү сыяктуу маанилүү жагдайлар эске алынган эмес. Мындай учурда жыйынтыкты өтө кылдаттык менен чыгаруу керек", — дейт Хафизов.
Буга чейин Улуу Британиядагы Сенгер жана Кембридж окуу жайларынын окумуштуулары "дельта" штаммынан 10-15 пайызга көбүрөөк жуккан AY.4.2 варианты чыкканын билдирген. Орусияда вирустун бул варианты азырынча үч кишиден гана табылды. Ошол эле учурда адис Орусияда коронавируска каршы колдонулуп жаткан вакциналардын күчү AY.4.2 вариантына дагы жетээрин билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg