www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Империя пиццы» кафесинин тамагынан улам массалык уулануу орун алды. Алдын ала маалымат боюнча, ага балык себеп болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди.
Учурда «Империя пиццы» кафесинин бардык филиалдары иштеп баштады.
«Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери зыянсыздандыруу иштерин жүргүздү, баарын текшерип чыгышты. Алдын ала маалыматка караганда, массалык ууланууга мөөнөтү өтүп кеткен балык себеп болгон. Кафенин жетекчилиги балык саткандар менен сүйлөшөт, азырынча япон ашканасы иштеген жок», - деп айтылат маалыматта.
Соңку маалыматка караганда, «Империя пиццы» кафесинин тамагынан 318 киши ууланган.
Буга чейин «Империя пиццы» кафесинин бардык филиалдары жабылган болчу. Ошондой эле республика боюнча бардык тамактануучу жайлар текшерилмей болгон.
Булак: NazarNews.kg