www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбевдин аппарат жетекчиси болуп иштеген Фарид Ниязов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев жана Жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы катчысы Эрнис Апилов Түркиянын 10 жаранына, анын ичинен Орхан Инандыга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүү ишинде акталды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 18-мартта чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы) “Коррупция” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен шек саналган Бусурманкул Табалдиев анын аракетинде кылмыштын курамы жок деген негиз менен акталды.

Коррупцияга айыпталган Фарид Ниязов менен Эрнис Апиловго да ушундай эле жүйө менен актоо өкүмү чыкты.

Бул иш боюнча айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбев да буга чейин акталган.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген "Сапат" билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып барганын айткан.

Анкаранын Жогорку Соту Орхан Инандыны “куралдуу террордук уюмду башкаруу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 2023-жылы июнь айында 21 жылга эркинен ажыраткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости