www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер Ереван Бакунун чек арадагы айылдарды өткөрүп берүү талабын аткарбаса согуш чыгып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян калктуу конуштардын тургундары менен жолугушууда билдиргенин РИА Новости жазды.

"Биздин милдет — эл аралык көз караштан алганда жана де-юре тосмо болуп кала турчу чек араны түзүү. Ал жерде ок чыгарууга мүмкүн болбой калат. Жолдорду куруп (чек арага жакын айылдардын жашоочулары – ред.), керектүү нерселердин бардыгы менен камсыздайбыз. Керек болсо кошумча компенсация төлөйбүз. Бирок мен башка сценарийди дагы сүрөттөп кетейин. Эгер биз "бул болбойт, ал болбойт" деп салсак, анда жуманын соңунда согуш башталат", — деди Пашинян.

Ал керек болсо мындай согуш кандай аяктай турганын да биле турганын айтып, "айыл тургундары мени Еревандагы Республика аянтынан тосуп алып, маалыматка ээ болуп туруп жигердүү иш жасабаганым үчүн жемелешет" деген.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Пашиняндын билдирүүсүнө комментарий берип жатып азыркы кырдаал Еревандын Батыш менен болгон кеңешүүсүнүн натыйжасы экенин белгилеген.

9-мартта Азербайжандын вице-премьери Шахин Мустафаевдин маалымат кызматы билдиргендей, Баку чек араны делимитациялоо процессинин алкагында Армения басып алган айылдарды бошотууну талап кылууда. Ошол эле учурда Азербайжан тарап армян маалымат каражаттарында "31 айыл Азербайжандын оккупациясында" деген маалыматтарды четке кагарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости