www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн суткада Индияда 184 миң 372 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки дүйнө жүзүндөгү рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Буга чейин бир дагы өлкөдө бир суткада мынчалык адамдан COVID-19 тастыкталган эмес.

Ошондой эле соңку 24 саатта Индияда коронавирус жуктурган 1027 киши көз жумду.

Акыркы күндөрү Индияда коронавирус жуктурган адамдардын саны өсүүдө. Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, аталган өлкөдө жалпы 13,8 млн адамдан COVID-19 аныкталды. Алардын ичинен 172 миң адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости