www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюткулуу элибиздин көрөңгөсү кур калбастан улам жаңы чыгаан урпактары менен толукталып турган. Мына ушундай учук улоочу, көрөгөч, ойчул, курч, жөнөкөй, иштерман, уюштургуч, заманыбыздын залкар мамлекеттик ишмери Султан Ибраимовдун тарыхый бейнесин ачуу, бул дагы абдан зор иш. Анын ата-энеси Чүй өрөөнүндөгү Алчалуу айылында жашап колдору жөндөмдүү - бири уста, бири уз, мээнеткеч адамдардан болгон.1927-жылдын 20-сентябрында кыргыз элин «суулуктаган» Султан деген уулду болушат. Кай бир кубулуштар илимде изилденип бүтө элек эмеспи. Балдары токтобой жүргөн ата-эне Султан төрөлөөрү менен аны башка үйгө таштап, кайрадан сатып алышат, ырымдап, балдары токтобой жүргөндүктөн кызына орусча Мария деп ат коюп, карындаштуу болот. 

Султан  «суулуктаган» жылдар

Ата-энеси Кудайдан тилеп алган балдары жетиле электе эле кайтыш болуп кетишет. Кичинесинен эле жетим калган Султан жетимчиликтин азабын көп тартат. Көп узабай эле согуш башталат. Тестиер кезинен эле ошол жалпы элге келген апаатчылыкты башынан кечирет. Согуш аяктагандан кийин, орум-жыйым кеч бүтүп, окууну уланта албай, трактор айдап 1944-1946-жылдары Дөң-Арык МТСында иштеп калат. Эптеп каражат чогултуп, 1946-жылдан 1949-жылга чейин Фрунзедеги гидромелиорация техникумун окуп бүтүп, 3 жыл Чүй сугат тармагында гидротехник болуп иштейт. Кай жерде болбосун ал зирек болуп, иштин майын чыгара иштейт.

Кыргызда «Башка жерде султан болгуча, өз элиңде ултан бол» - деген макал бар. Азыр кыргыз элинде санап кѳрсөк Султан аттуу ысымдар көп кездешет. Негизи ырымчыл кыргыз эли Султан Ибраимовдой уулубуз эл керегине жараган мыкты адамдардан болсо экен деген тилек менен коюшары бышык. Султан Раев, Калыкбек Султанов, Марат Султанов, Кылычбек Султанов кыргыз министрлери, бийликте Султан Каназаров Президенттин экс-пресс-секретары, Султан Жумагулов  КТРКнын экс-жетекчиси, деги кыргыздарда Султандар Ак үй тарапта суйсалат.  Ал эми Султан Ибраимов 1952-1955-жылдары Ташкенттеги Ирригация инженерлери жана Айыл чарбасын механизациялаштыруу институн эң жакшы баалар менен аяктап, 1955-жылы Кыргыз Илимдер Академиясына кенже илимий кызматкер болуп кабыл алынат. Турмушунда ошол кезде жалпы эле кыргыз жаштары көргөн кыйынчылыкты көрө баштайт. Ар кайсы батирде жашоо азабын тартат. Же бир жардам берер жакыны жок. Тапкан тыйын-тыпырын айылдагы бир туугандарына жеткирет. Батирдин азабынан кай бир учурларда темир жол вокзалында түнөгөн учурлары да болгон. Жашаганга туруктуу жери жок болгондуктан тажаганынан айылга барып жашоону чечип, арыз менен кайрылганда, ошол кездеги Илимдер Академиясынын президенти Иса Ахунбаев кол койбой: "Айылга качпай өзүбүздөн жетекчилер көп чыкса болот эле, анча-мынча кыйынчылыктарга чыдагыла", - деп, көп өтпөй үй маселесин да чечип берет. Иса Ахунбаевдин билинбеген мындай чыныгы көрөгөчтүгү, адамдык жакшы сапаты чоң роль ойнойт.

Кызматын улантып, өмүрлүк жолдошу Рева Касымовнага үйлөнөт. Үйлөрү бир бөлмөлүү эски курулуш болгондуктан жаан жааган түндөрү уктабай, таң атырган да күндөрү болгон экен. Султан Ибраимовдун жубайы Рева Касымовна жубайы тууралуу эскерип кетет:

 - Биз экөөбүз, үйлөнгөн алгачкы жылдан тартып эле мен Султанды коруп турчумун, анын өмүрү, келечеги үчүн мени дайыма коркуу сезими коштоп жүрчү. Анткени аны менен жашоо аябай сонун болчу. Биздикиндей биримдик, бири-бирин түшүнүшүү бул дүйнөдө чанда кездешсе керек. Жигит кезинде Ташкенттен жазган катында "Дүйнөнү сүйүү менен сулуулук сактап калат" деп жазып койгону бар. Анын каттары эпистолярдык жанрдын эң сонун үлгүсү болуп калмак, тилекке каршы алар сакталбай калбадыбы.Уйкусу жок болчу. Күндүз жумушта болсо, фотоаппарат менен тартып келген сүрөттөрүн түнкүсүн чыгарат. Чумыш плотинасын, Өзгөндөгү Кара-Дарыянын сүрөтүн тартып келет. Сүрөттөрүн жайып алып, ар бирин аңгеме кылып айтат. Сүрөттөрүндө кишилер көрүнбөйт, жалаң жер-суу, плотина.

«Башка жерде султан болгуча, ѳз элиңде ултан бол»

1957-1959-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Илим, жогорку окуу жайлар жана мектеп бөлүмүнүн инструктору болуп иштеген. Кайсы гана кызматта эмгектенбесин, өз ишин берилип сүйгөндүгүн белгилөөгө болот. Суу чарба тармагында иштеп жүргөн жылдары кайсы жерге канча литр суу керектелээрин, сууну кантип бөлүштүрөөрүн билээр эле. Суу техниги болуп турганда суу бөлүштүргөн сооружение ойлоп тапкан. 

Министр болгонго чейин жөө жүрүп, автобуска түшөөрдө улам келген кишилерди алдыга өткөрө берип, өзү болсо транспорт токтоп калганда түн жарымында үйгө жөө келген күндөрү да көп болуптур. Кызматтык машина минген жылдары жол тоскондорду сала кетет экен. Министр кезинде айылдашынын карын күрөгөн. 1961-1966-жылдары Кыргыз Мелиорация жана Суу чарба министрлигине көтөрүлөт. Айкөл адам тууралуу артында далай жакшы сөз калды. Кызыл-Кыяда өрт болуп, бензин куйган килейген цистерналар сууга агыптыр. Эгерде ал суудан жарылчу болсо, чоң кырсык болмок экен. Ошондо Султан сууга кирип, килейген цистерналарды агызбай кармап калганын көп айтышат. Өзүнүн балбандык жайы болуп, бир жагын жалгыз өзү кармаса, экинчи жагынан солдаттар жөлөп турган. Жээкте тургандар "Коё бер, алдагы балдардын убалына каласың" десе болбой, көгөрүп коё бербей тура берип, бензинди жарылуудан сактап калган. Кийинки учурлардагы кабинетинен чыкпаган министрлердей эмес, такай эл арасында жүргөн министр болгон. Республикабыздын түштүгүндө 15 күн болсо, калган күндөрүн түндүгүндө өткөргөн, ал бараарын айтып жарыялабай эле кыдырып, жакындан көрүп чыкчу. Кемчилигин бетине айтып, одоно бузгандарын жумуштан дароо эле алчу экен. Анын изин жашырып башка жумушка коё койгон эмес, законду бузганды закондун негизинде каматкан. Ошентип тартипти катуу сактаган. Султан Ибраимович регионго, жердешчиликке, уруучулдукка, тууганчылыкка караган эмес, кай бирлерге окшоп пара алган эмес, таза иштеген. Ал жупуну, жөнөкөй адам болгон. Бийликтеги адаммын деп кекирейген эмес. Айылдаштары айтып эскерип калышат: министр болуп иштеп турганда айылдан бир адам өтүп кетип, эл чогулуп келсе үйдүн тегереги калың кар. Баргандардын көбү кызматтагы адамдар болгондуктан туруп эле калышкан экен дейт. Султан Ибраимов келээри менен пальтосун чечип ыргытып, колуна күрөк алып, карды күрөй баштаганын көрүп, тургандардын бардыгы бир заматта карды тазалашып кол кабыш кылып жиберишет. Мүңкүрөп кайгыга түшкөн үй ээлеринин да жүрөгүн жылытышат. Эл кызыкчылыгын жогору коюп, сезон убагында үй бетин көрбөй иштеген. Ошол үчүн иш артка эмес алдыга жылган. 
Жайыттарды туура пайдалануу, тоолорду сактап калуу маселелерин койгон. Келечек муундарга мурас болуп кала турган нерселерге жан тартып, бушайман болгон.
Азыркы тапта колунда бар адамдар тоолорду да менчиктеп албадыбы. Султан Ибраимов мындай көрүнүшкө сөзсүз каршы күрөшмөк. Бир ууч адамдардын кызыкчылыгы эмес, жалпы элге гана пайдасын бере тургандай кылып түзүп бермек. Эгерде ошол учурда азыркыдай бийликти кыргыз элине, өз колдоруна берип койгондо укмуштуудай сонун жашоону да орнотушмак. Ал учурда Москванын гана буйругун угуп, улут кызыкчылыгына тереңдеп кирүүгө көзөмөл кылып, тыюу салынып турган. Аттиң ошол кездеги жетекчилердей болуп азыр иштешсе гана! Талыкпаган эмгеги Султан Ибраимовду алдыга жылдыра берди. 1966-1968-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы болуп иштейт. Өзү болсо жаз, күз айлары келгенде бир-эки-үч гана сааттан уктаса деле эртеси күнү өзүн кадимкидей эле сезип, иштеп жүрө берчү экен. Диссертациялык ишинин көбү бүтүп, азы калганда, аны Борбордук комитетке ишке чакырып кетишет.

Ордендүү Ош  Султан Ибраимовдун «брэнди»

Ош облусунда он жыл боюу иштөө Султан Ибраимовдун атын алыска чыгарып, легендага айланткан. Анын Союздун мамлекет башчылары да беш колундай таанып калганы, анын карапайымдыгында жана эмгек дегенде жантыгынан жата калгандыгында. Султан Ибраимовдун СССР Министрлер Советинин председатели Алексей Косыгин жакшы баалаган, мыкты экономист катары таанычуу. 1968-1978-жылдары Ош обкомунун биринчи катчысы болуп, Кыргыз мамлекетинин түштүк бөлүгүн 10 жыл жетектеген. Ош обкомунун секретары кези, жолдон кол көтөргөн бирөөнү олтургузуп алат. Шофердун жанындагы алдыңкы бош орунга олтургузат. Мас киши оюна келгендин баарын айтып, жетээр жерине жеткиче чарчатып бүтүрөт. Ал түшкөндө шоферу "Масты эмнеге салып алдыңыз, өзүңүздү чарчатты го?" дегенде "Анын да бир билгени бардыр, оюндагысын айтып жатат да" деп камаарап койбоптур. Машина менен кай тарапка баратпасын, ошол тарапка кете тургандарды бош орунга олтургузуп алып, ал тургай караңгы болсо үйүнө алып келип, тамагын берип, бараар жерине жеткиртип койчу экен. Бир ирет Москвада окуп жүргөн кыздын атасы катуу ооруп, үйүнө келе жатканда Кыргызстанды көздөй самолётко аны менен бир түшүп калат. Мында келгенде Балыкчыга чейин транспорт табылбай, ал кызды шоферуна айтып, үйүнө жеткиртип коюптур. Оштун обкомунда иштегенде Султан Ибраимовду карапайым кишилерден бери баары сыйлашчу дешет. Абышка-кемпир болобу, ким болбосун, ал жолуккан кишинин ал-абалын сурап, сүйлөшүп, эгер кемчил жери болсо, чарба жетекчисине айтып, аны аткартып берчү. Жубайы Рева Касымовна тууралуу да сөз өзгөчө. Ал эл катары пахта теримге чыгат. Боёнбой, жоолук салынып, карапайым жүргөн бул мугалимге да баары суктанышчу экен. Областтагы аялдар "сиз келгенде жаныбыз жай алып эле калбадыбы, болбосо чоңдордун аялдарын туурап кийинебиз" деп далай чачылчу элек" дешет. Ал түгүл Борбордук комитетке барганда андагы чоңдордун бири аялын алып келип, "ушул аялдан үлгү алсаң боло" деп мисал кылып көрсөтүптүр. Азыркы чоӊдордун суперлерден чыкпаган жубайларын эстегенде, Султан Ибраимов да карапайым адамдан журт эгеси болсо, жубайы да ага жарашып калыптыр.

(уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости