www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 6-мартка белгиленген спектакль коюлбай калып, комиссия түзүлгөн. Бүгүнкү күндө комиссиянын иши аяктап, корутунду чыгарылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жетекчилерге эскертүү берилип, келишимдерди жаңыдан түзүү тапшырылды.

"Театрдын жетекчиси Керим Тураповго, көркөм жетекчиге жана башкы балетмейстрге эскертүү берилди. Мындан тышкары театрдын жетекчилигине кызматкерлер менен жаңы эмгек келишимдерди түзүү, коммерциялык спектаклдерди коюудагы эмгек акыларын төлөө боюнча механизмдерди жаңыдан иштеп чыгуу, келишимдерди жаңылоо тапшырмасы берилди. Ошондой эле жетекчилик кызматкерлерге квартал сайын отчёт берип туруу зарылдыгы эскертилди", - дешти мекемеден.

Ал эми спектакль коюудан баш тарткан артисттер комиссиянын мүчөлөрү барганда түшүнүк кат жазбай коюшканын министрликтен белгилешти.

Опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов спектаклды коюудан баш тарткан 25 артист Театр күнүнө карата бөлүнгөн сый акыдан ажыратылганын айтты.

Эскерте кетсек, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 6-мартка белгиленген спектакль коюлбай калган. Анда театрдын айрым артисттери коммерциялык спектаклге акы төлөнбөйт деп баш тартышкан.

Спектакль коюлбай калгандан кийин 9-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кызматкерлери маалымат жыйын беришкен. Анда балетчилер Коммерциялык спектаклге катышпагандыгынын себеби бул үчүн акы төлөнбөгөнүн билдиришкен. 

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган театрдагы болгон жагдай боюнча атайын комиссия түзгөнү маалымдалган. 

Кийинчерээк биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков министрликтин жетекчилиги, ошондой эле театрдын жетекчилиги, артисттери менен жолугушуп, спектаклды коюудан баш тартуу себептерин талкуулаган. 

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости