www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия кытайлык соцтармактарды жаап салды

Индия менен Кытайдын чек арасындагы соңку кагылышуудан улам Нью-Дели Кытайдын 60тай тиркемесине, социалдык тармактарына өз аймагында бөгөт койду.

Өлкөдө абдан популярдуу болгон «TikTok» социалдык тармагы да жабылды. Бийлик мындай чечимин улуттук коопсуздукту коргоо аракети менен түшүндүрдү. 

Белгилей кетсек, «Instagram», «Facebook» жана «Twitter» соцтармактарынан айырмаланып, «TikTok» Индиянын айыл-кыштактарында өтө популярдуу. Ал жакка индиялыктар негизинен ырдап, бийлегендери тартылган кыска видеолорун жайгаштырышат.

Эске сала кетсек, өткөн айда Индия менен Кытайдын чек арасындагы Ладах провинциясындагы Галван өрөөнүндө эки өлкөнүн аскерлери кагылышкан.

Нью-Дели бул окуяда 20 жоокерин жоготконун билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости