www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын батыш Бенгалия штатында жашаган 22 жаштагы аял катуу ич оорудан улам ооруканага түшкөн. Рентген аппараты айымдын ашказанында сакталып жаткан баалуу буюмдарды көргөзгөн. Ал аялдын ашказанына операция жасаган хирургдар баалуу таштардын салмагы бир жарым килограммдан ашык экенин, арасында абдан баалуу жасалгалардын болгонун билдиришкен. Бул тууралуу unian.net жазып чыкты.
Ушул өзгөчө аялдын жакындары, үйдөгү баалуу буюмдар акырындык менен жоголо баштаганынан улам тигил айымдан сурашканда, ал жооп берүүнүн ордуна ичин басып алып ыйлай бергенин айтышкан. Мындай таң калычтуу көрүнүштөн чочулаган үй-бүлө мүчөлөрү, алгач психологго андан ары минтип дарыгерлерге кайрылышкан.
Ашказандагы кымбат баалуу буюмдардын наркы 53 миң фунт стерлинг же 4 жарым миллион сомго бааланат. Алар: 69 даана чынжырча, 80 даана сөйкө, 46 даана монета, 8 даана медальон, 11 даана мурунга тагуучу шакек, 5 даана билерик жана 1 даана кол сааттан турат.
Кенчти ашказанында сактаган индиялык өзгөчө аялдын аты Руни Хатун. Ага коюлган дарыгерлердин диагнозу “парорексия” же “пикацизм” деп аталат. Бул оору менен ооруган адам жегенге мүмкүн болбогон нерселерди жегенге ашыгып калат. Парорексия өнөкөткө айланып кетсе, психологиялык ооруларга алып келет.
Жегенге мүмкүн болбогон нерселерди жегенди адат кылуу ашказан жана башка ооруларга алып келет. Ал эми мындай көрүнүш мээнин иштешине тескери таасирлерин берип койгон учурлары дагы аз эмес.
Булак: "NazarNews.kg"