www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаровдун уулун сүзүп кеткен айдоочу Дастандын өлүмү тууралуу жабырлануучулардан гана эмес, элден да кечирим сурады. Бул тууралуу видеодон толук көрсөк болот.
"Дастандын үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм, терең-терең кайгыруу менен көңүл айтам...
Садыр Нургожоевич, балаңыздын ордуна мен бала болуп бергенге даярмын, келинчегим келин болсун, кызым небереси болуп берсин. Өмүрүмдүн аягына чейин карызым бар..." - дейт айдоочу.
Эске салсак, Дастан Садыр уулу 26-август күнү ооруканада көз жумган. Ал 22-август күнү Бишкектеги 7-апрель көчөсүндө мотоцикл менен баратып кырсыктаган. Ал болгону 27 жашта эле.
ЖАМК Садыр Жапаровго уулуна топурак салууга уруксат берген. Экс-депутат кырсыкка айыптууну кечиргенин, сотко кайрылбай турганын жакындары кабарлаган.
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» кени боюнча болгон нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл 6 айга кесилген.
Булак: NazarNews.kg