www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Конгресси президент ачыкка чыгарбашы үчүн порноактрисаларга акча төлөп берген же бербегенин изилдөөнү чечти.

Октябрь айында Палатанын соттук өндүрүш боюнча комитетинде порноактриса Сторми Дэниелс менен Плейбойдун мурунку жылдызы Карен Макдугалга 2016-жылы акча төлөгөнү боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн укмакчы.

Эске салсак, Дэниелс менен Макдугал Трамп менен сүйүү байланышы болгонун, шайлоо алдында муну элге айтпоосу үчүн акча алышканын айтып чыгышкан.

Мындан эки жыл мурун да демократ-сенаторлор Трамптын отставкасын талап кылышкан эле. Анда да ал клубдарда жана учактарда аялдарга асылган деп күнөөлөнгөн.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости